www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга шектелип №21 тергөө абагында кармалып жаткан УКМКнын Бишкек шаары боюнча мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун (Эду) атынан Instagram баракчасына жарыяланган билдирүү коомчулукта түрдүү суроолорду жаратты.

Буга байланыштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) расмий маалымат таратып, Жакыпбеков социалдык тармактарга өзү билдирүү жарыялап жатат деген маалыматты четке какты.

Мекеменин маалыматына ылайык, ал №21 мекемеде жалпы тартипте кармалууда, эч кандай өзгөчө шарт берилген эмес. ЖАМК ошондой эле анын камерасында дагы беш адам бар экенин, мыйзам боюнча камактагыларга уюлдук телефон, интернет жана социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынарын билдирди.

Бирок ЖАМКнын мындай билдирүүсү коомду ынандыра алган жок. Дегенибиз, Жакыпбековдун атынан Instagram баракчасына жарыяланган билдирүүнү ким чыгарды деген суроонун жообу ачык бойдон турат. Расмий маалыматта бул жагдай боюнча түшүндүрмө берилген эмес. Баракча анын жакындары тарабынан жүргүзүлөбү, мурдагы администраторлор көзөмөлдөйбү же башка адамдар пайдаланып жатаканы боюнча конкреттүү эч кандай так жооп жок.

Эгерде постту чындап эле Жакыпбеков өзү жарыялабаган болсо, анда анын атынан коомдук-саясий билдирүүлөрдүн чыгып жатышы өзүнчө иликтөөнү талап кыла турган маселе. Мекеме мыйзам боюнча камактагылар интернетке кире албай турганын гана маалымдады, ал эми калган жагдайды бүдөмүк калтырды.

Айтор, ЖАМКнын төрагасы Чыңгыз Кожошев Эдуну көзүнүн карегиндей карап, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай эркелетип жаткандай таасир калтырат же кандайдыр бир билинбеген мандем бардай.

Эске салсак, Элдар Жакыпбеков ушул жылдын февраль айында коррупция беренеси менен кармалып, ошондон бери тергөө абагында кармалууда. Анын иши УКМКдагы бир катар мурдагы жетекчилердин кармалышы менен коштолгон резонанстуу иштердин бири болуп эсептелет.

Азырынча Instagram баракчасындагы чыккынчылык тууралуу билдирүүнүн чыныгы автору ким экени расмий түрдө аныктала элек. Ошондуктан ЖАМКнын маалыматы да, социалдык тармактагы билдирүүлөр да кошумча текшерүүнү талап кылат. 

Последние новости