www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы 16–20-июль күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтө турган эл аралык рейтингдик мелдешке катышат.

Өлкөнүн намысын төмөнкү балбандар коргойт: Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Автандил Таалайбек уулу (63 кг), Раззак Бейшекеев (72 кг), Алибек Бердиев (77 кг), Акжол Махмудов (82 кг), Ырыскелди Максатбек уулу (82 кг), Асан Жанышев (87 кг), Узур Жусупбеков (97 кг), Нурболот Токтогонов (130 кг) жана Эрлан Манатбеков (130 кг).

Курама команданы улук машыктыруучу Арсен Эралиев жана башкы машыктыруучу Улук Карачолоков жетектейт.

Белгилей кетсек, Будапешттеги рейтингдик мелдеш дүйнөнүн күчтүү балбандарын чогулткан эл аралык турнирлердин бири болуп саналат.

Последние новости