www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Убактылуу коргоо макамын алган Украинанын жарандарынын саны Европа Биримдигинин 26 өлкөсүнүн 22синде өскөн.
Бул тууралуу Европанын статистика башкармалыгы (Евростат) жарыялаган маалыматтарда айтылат.
Маалыматка ылайык, эң чоң өсүш Италияда катталган. Бул өлкөдө убактылуу коргоо макамын алган украиналыктардын саны 6 250 адамга же 15,3 пайызга көбөйгөн. Андан кийинки орундарда Германия (3 610 адам, +0,3%) жана Испания (2 295 адам, +0,9%) турат.
Эң чоң төмөндөө Болгарияда байкалган. Бул өлкөдө убактылуу коргоо макамына ээ украиналыктардын саны 12 345 адамга же 14,8 пайызга азайган. Польшада бул көрсөткүч 3 750 адамды (–0,4%), ал эми Францияда 665 адамды (–1,3%) түзгөн.
Евростаттын маалыматына ылайык Европа Биримдигинде жалпысынан 4,38 миллион Украинанын жараны убактылуу коргоо макамына ээ болгон.