www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыныбай Турсунбековдун кызы камактан бошотулду

Чыныбай Турсунбековдун кызы УКМКнын СИЗОсунан бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 26-июлдагы чечими менен Турсунбекова Айдай Чыныбековнанын камакка алуу түрүндөгү мурда тандалган баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлдү.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Чыныбай Турсунбековдун кыздары Айдай жана Бегимайды июнь айында кармаганы белгилүү болгон. Айдай Турсунбекова соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган, ал эми Бегимай Чыныбек кызы үй камагына чыгарылган. Аларга «кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» беренеси боюнча айып тагылганы кабарланган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Турсунбековдун кыздарынын кармалышы боюнча үн катып, Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсү убагында «Капитал банк» менен «Бишкек арак заводун» мыйзамсыз менчиктештирип алганын сөз кылып, бул эки объект мамлекетке кайтарыларын билдирген.

 

Последние новости