www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин айрым аймактарында төрт күн газ болбойт

Бишкектин айрым аймактарында бир нече күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

— 29-31-июль күндөрү — КЧК, Аламүдүн дарыясы, Элебесов көчөсү, Коллективная көчөсү, Киргизия көчөсү, Бельский көчөсү, айланма жол, Красный строитель конушу, Төмөнкү Ала-Арча аайылы, Керамический конушу, Ак-Тилек конушу, Ак-Тилек 2 конушу, «Сантех Заготовок» заводу, Шаардык кургак учукка каршы ооруканасы;

 29-31-июль күндөрү — Буденный көчөсү, Шабдан Баатыр көчөсү, Курманжан Датка көчөсү, Салиева көчөсү;

— 30-июлдан 1-августка чейин — Фрунзе көчөсү, Достоевский көчөсү, Шабдан Баатыр көчөсү, Лермонтов көчөсү.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернат ивдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости