www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулукта өспүрүмдү бутун өптүрүп, санына бычак сайып кордогон 19 жаштагы уландын иши "Бейбаштыктан" "Уруп-сабап кыйноого" өзгөртүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.

Эске салсак, буга чейин өспүрүмдү кордоп жаткан видео тараган. Анда өзүн Принц деп атоону талап кылган жигит жаш балага бутун өптүрүп, андан кийин санына бычак сайганын көрүүгө болот. Бул боюнча Чүй ОИИБи маалымат берип, шектүү кармалып "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Шектүү 26-июлда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 19 жаштагы Ч.И. экени аныкталган.

Ошондой эле милиция жабырлануучу жана шектүүнүн улуту ар башка экендиги тууралуу такталбаган маалыматты таратпоого чакырды. Бул улут аралык жаңжалды тутантышы мүмкүн экени эскертилди.

Последние новости