www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун Япониянын Тюбу аймагынын Айти, Фукуи, Гифу, Ишикава, Нагано, Шизуока, Тояма, Яманаси, Ниигата префектураларын камтыган Яизу шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ардактуу консулдукту Мичинори Йотсухаши жетектеди.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Эркинбек Осоев кеңсенин ачылышы менен Мичинори Йотсухащини куттуктап, консулдук патентти тапшырды. Ал Ардактуу консулдуктун эки өлкө ортосундагы дипломатиялык байланыштарды чыңдоо, экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле түп аймагында жашаган мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн жасаган иштеринин өзгөчө маанисин белгиледи.

Өз кезегинде Ардактуу консул Мичинори Йотсухащи көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын жана Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө толук көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында элчи Осоев менен ардактуу консул Йотсухащи Яизу шаарынын мэри Хиромичи Накано менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Осоев, Ардактуу консулдуктун ачылышын белгилеп, билим берүү жана илим, инновация жана туризм жаатындагы өнөктөштүктү тереңдетүүгө, ишкердик, маданий байланыштарды чыңдоого жана экономикалык дипломатияны өнүктүрүүгө болгон умтулууларын белгиледи.

Яизу шаарынын мэри Хиромичи Нагано адам ресурстары жана жалпысынан эки тараптуу мамилелер жаатында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн тыгыз кызматташууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.

Последние новости