www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

VI чакырылыштагы КР Жогорку Кеңешинин экинчи сессиясы өз ишин аяктап эки айлык эс алууга кетти. Төрага Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеӊештин экинчи сессиясын расмий түрдө жабык деп жарыялап, эл өкүлдөрүнө ден соолук каалап, шайлоочулар менен жолугушууда парламенттин иши боюнча маалымат берип турууну баса белгиледи. Эл өкүлдөрү өтө жакшы тынымсыз сесияга катышкандыгы үчүн жана мыйзамдарды унчукпай кабыл бергени үчүнбү, төрага ыраазычылык билдирип, жакшы тилек айтып жолго салды.

Баса, VI чакырылыштагы КР Жогорку Кеңешинин экинчи сессиясынын жабылышына оркестр чакыртып, КР гимнин Төрага жандуу ыр менен ырдап жапты.

“Ушакчы” парламент деген макамга ээ болгон ЖК  КР Конституциясынын 77-беренесине ылайык, Жогорку Кеӊештин сессиясы сентябрь айында кайрадан күпүлдөп ишке киришет.

Ошентип бир нерсени кыйратып койгонсуп эл өкүлдөрү эс алууга кетти. Эми эл өкүлдөрү заты дар депуттар эмне кылат, президенттик шайлоолорго карата үгүт иштерин мыйзамсыз жүргүзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости