www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тажикстан суу, жер ресурстарына көбүрөөк ээ болгусу келип жатат”, - деди бүгүн, 7-майда NazarNews маалымат агенттигине эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул.

--“Суу, жер ресурсу эки тарапка тең керек. Тажикстан бул ресурстарга көбүрөөк ээ болгусу келип жатат. Дүйнөлүк практикада деле бул маселе абдан оор талаш болуп саналып келет. Ушул кылымда жашап жаткан соң тынчтык жолу менен чечилсе абдан жакшы болоор эле. Кыргызстан менен Тажикстан ШКУ жана ЖККУ уюмдарына мүчө. Бирок уюмдун жоболорун карай турган болсок, уюмга мүчө эмес, башка бир өлкө уюмга мүчө мамлекеттерге кол салса же коркунуч жаратса, террордук уюмдардан коркунуч туудурса уюм кийгилише алат. Уюмдун ичиндеги мамлекеттер бири-бири менен ушундай абалга келе турган болсо кийлигишпейт деп белгиленген.

ЖККУну алсак бул жерде уюмдагы негизги таасирлердин бири болгон Орусияга азыркы абал жакшы деген бааны эч убакта алып келбейт. Орусия жаңжалсыз келишимдер үчүн аракетин кылса болмок деген ой. 2010-жылы дагы ушул маселе көтөрүлгөн. Уюмдун жобосун өзгөрттүк деген аракет болгон. Бирок, бул жагынан олуттуу өзгөрүү болгон эмес”, - дейт серепчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости