www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекнзаров Кыргыз Республикасынын президенти С. Жапаровго жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К. Зулушовго Кайрылуу жолдоду.

«Акыркы 2-3 жылда, мурдагы президенттер А. Атамбаев, К. Бакиев жана алардын жакындары, санаалаштары тарабынан, алардын кызматтарынан кеткенине экс-президент статустары алынып, соттолгонуна карабай, улам кийинки келген мамлекеттик бийликке, алардын жүргүзүп жаткан саясаттарына каршы, өздөрүнүн саясий партиялары, депутаттары, жакындары, соцтармактар жана интервьюлары менен өлкөбүздө ар кандай башаламандыктарды уюштурууга кандайдыр бир деңгээлде шалаакылык таасир берип жатканы жашыруун деле эмес. 

Мындай иштерин алар күндөн-күнгө активдештирүүдө. Эми алардын мындай марафонуна жакындан бери, А. Акаев кошулду. Ага далил катары анын жакындары тарабынан https://уоutu.beBAgDGtBvkgg сайтына жана «Автор тв» аркылуу берген өзүнүн интервьюларын атасак болот.

30 жылдан бери негизинен ушул үчөө Кыргызстанды башкарышып, элдин байлыгы менен бийлигин өз үй-бүлөсүнүн менчигиндей калчашып, өлкөнү коррупция менен жумушсуздукка жана карызга батырганы аз келишкенсип, бүгүнкү бийлик менен элибиз ошолор орнотуп, бекемдеп кетишкен азап менен тозоктон кантип кутулуунун айласын, жолун таппай жатканда, биринен-бири өтүп:  «... мен президент кезимде...» - дешип кургак көрсөткүчтөр менен кыялдуу цифраларды айтышып, «... менин үй-бүлөм, кызым, балдарым, аялым, жакындарым...» - деп жакындарына чейин чаң жугузбай макташып, күнөөнүн баарын өздөрүн кууп чыккан элдик төңкөрүштөргө, же өз ордуларына келишкен кийинки президенттерге, ушунчалык митаамчылык менен шылташып келе жатышканын көп жылдан бери угуп, көрүп эле келе жатабыз. 

Албетте, Акаев бийликте турганда 1990-2005-ж.ж. жана Бакиев бийликте турганда 2005-2010-ж.ж. төрөлүшкөн, азыр 11 жаштан 31 жашка чейинки жаштар эле эмес, Акаевдин заманына чейин 16 жашка чыга элек болушкан, азыр 31 менен 45тин ортосундагы замандаштарыбыз да булардын абдан кооз, ишенимдүү фактыларды келтирип жазып же ооз көптүрүп айтып жатканына ишенип калышы мүмкүн. «Ээ кокуй эң сонун иштеп жаткан президенттерди бийлик талашкандар эле 1000 кишини уюштура коюп, кууп чыгып жаткан турбайбы» - деп. 

Анткени, эки элдик ынкылап болсо да, элибиз өлкөдөгү өзгөрүүнү, жаңыланууну көргөн жок, 1990-2020- ж.ж. аралыгында өлкөбүздө, президенттердин үй-бүлөлүк мыйзамсыз жеке башкаруусу өкүм сүрдү. Былтыркы октябрь айындагы 3-элдик төңкөрүштөн кийин, «бары бир өлкөнү президент эле башкара берет экен, бүт бийликти жеке президентке жоопкерчилиги менен мыйзамдаштырып береличи» - деп элибиз президенттик башкарууну тандап, мына эми азыркы президент эл тандаган жол менен өз ишин жаңы эле баштап жатат. 

Бирок, азыр С. Жапаров башында турган бийликке өз ишин баштоо абдан оор болууда. Себеби 30 жылдан бери чечилбей келген, чек ара, коррупция, анархия, сатылган кен-байлыктар, жумушсуздуктан чачылган кыргыздын проблемасы, мыйзамсыздык, саясый сойкулук, лжедемократтык, лжереформаторлук, куру чечендик, популизм, ыймансыздык, намыссыздык орногон, өзгөчө саясатташкан күчтүү жарандык коому, сүйлөгөн сөзгө жооп бербеген сөз эркиндиги бар, жан дүйнөсү тарып, пейил кеткен жарандар жашаган бузулган пиарлуу коомду оңдоо, Конституцияны оңдогондон миң эсе кыйын. 

Мында Кыргызстанды өз үйүм деп эсептеген ар бир жаран кайсы бир өткөөл мезгилге чейин президентке ишеним артып, сын эмес сунуш кеп-кеңеш берип, жок дегенде өз жан дүйнөсүн тазалоо талап кылынат. Бирок Кыргызстанды бүгүнкү оор абалга салып кеткен башкы күнөөлүүлөр, качып кетишкен жеринде же түрмөдө жөн жатышып, жараткан алладан, элден кечирим сурап, өкүнүп өздөрү түзүп кеткен коррупциялык схемаларды кантип бузууга жардам берүүнүн ордуна биринен-бири акылдуусунуп өздөрүнө эле эмес, жакындарынан бери чаң жугузбай жатканынан улам, Акаев айткандай алардын бардыгынын «башкы душмандарынын» бири катары Акаевдин «асыл эмгектеринен» мен да элге, айрыкча жогоруда көрсөтүлгөн жаштарга ушул кайрылуу аркылуу, өз чындыгымды билдирип коюуну туура таптым. 

Анткени, 30 жыл ичинде ар бир бийликке жаңы келген президент эгемен Кыргызстандын жаңы тарыхын өзүнө ыңгайлап, ата-тегине чейин тарыхчыларыбызга бурмалатып жаздырып жүрүп 30 жылдык тарыхыбыз да туура жазыла элек. 

Анан жаштарыбыз кайдан билсин, чындык ким тарапта экенин. Бул жолу Акаев менен Бекназаровдун «чындыктарын» замандаштарыбыз, айрыкча жаңы муун өздөрү далилдерди салыштырып окуп билип алсын!» - деди Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости