www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев өзү эсептеген жандосу Путин качан чакырса, Кремлге «ляппай» деп жетип барганы чындык. Бирок, Атамбаев камалар менен Путин аны эсептен чыгарып салган. Атамбаевдин шылдыңдаганы 2020-жылы 9-майда  Москвага барган Жээнбековду коронавируска шылтоолоп аскердик парадка кийирбей коюшса, Жапаровду 9-майга Путин чакырган жок. Жапаров Атамбаев эмес да Путин деп дем алып, анан шыпырылып калгандай.  «Жамандыкка жакшылык» деген принцип бар, Жапаров камакта жатканда Атамбаев кандай жамандык кылса, ал эми Атамбаев дарылануу үчүн № 47 колонияга которулган. Эми ошол жерге жатып алып Сапар Исаковду колдоп жатат. Албетте, булар мыйзамдуу келишпейт, ошондуктан ким менен болсо да кошулуп, башаламандыкка барышы мүмкүн.

Радикулити, жүрөгү, омурткасы ооруп, операцияга муктаж болгон Алмазбек Атамбаевди эркиндикке чыгарууга убакыт жакындап калганын эшиттик. Эгерде түрмөдөн ары карап кетсе, анда азыркы бийликке каршы тургандар тарабынан кайрадан нааразычылык акциялар жаралышы анык. Азыр камак ичинде аянычтуу үн салган АШАнын өзүндө эместиги, абдыраганы, эмне кыларын билбей калгандыгы сезилип турат. Бир гана ал радикулит (көчүк нервдеринин тамырлары сезгенген) экендигин жаап жашырып тургандай. Атамбаевдин радикулити саясий жактан образдуу келет. Кызыгы мамлекеттик масштабдагы майрамдарда – Эгемендүүлүк күнү, президенттик инаугурацияларда же эл аралык окуянын бири болуп жүргөн Көчмөндөр оюнуна келерде анын радикулити кармап кетип, качан майрам жеке өзүнө арнала баштаганда гана жанат. АШАдан мурунку президенттер да анын оюу боюнча байкуштарга айланган. Аларга салыштырмалуу Атамбаев президент болуп турганда баса калып канчалаган бейкүнөө адамдарды камабады?

Өз кичи мекенинде бууракандап-шаракандап аккан тоонун суусун телмире тиктегенди сүйчү Атамбаевге ал да жок, жанында тайганча шимшилеп жүрчү акча кулдар эбакта из жашырып кетишкен. Бирок бары бир туулган айылынын жыты тартып тургандыр. Бул лирика эмес, түшүнгөн адамга бул трагедия, айрыкча өзүнүн сүйгөн ордунан айрылып камакта жатуу, кандай алаамат. Бөтөнчө жаш улам улгайып бара жатканда. Атамбаев бул тагдырдан кыйгач кетти. Гетенин Фаустунан бир кыскача үзүндү келтире кетели: «Мен – түбөлүк жамандык каалаган жана түбөлүк жакшылык жасаган бир чоң күчмүн» -дейт.

Атамбаевче - бул эмнени билдирет? Кээ бирөө Атамбаев кыргыз жерин гүлдөтүп жаткан дейт. Бирок өзүн ким экенин ал кызматын өткөргөн соң билди. Ага миллиондогон элдин жек көрүүсүнө татып, кийин эмне болот деп күтүп жүрүү абдан оор. Өзүнө - өзү бекем ишенген адамга «Көңүлдө калган из калтыруу», «шок кылуу», «Жүрөк менен маанайын ээлеп алуу» тууралуу көйгөйлөрдүн деле кереги жок, бир гана өзүн примитивдүү түрдө мактап турса болду. Ал мактанганды сүйөт, өзүнүн ийгилигине эч ким курсант болбосо да өзүн-өзү мактаганды сүйөт. АША кезектеги шансын койо берген, анын адамдарды тандай билбегени оор катачылыгы болгон. АШАнын доорундагы аты чыккан бир да адам болгон эмес. Бир адамдан жаңылса болот, мейли экөөнөн, бирок элдин барын тегиз «саткын» деп эсептеген адамды «аянычтуу саясий сокур» деп гана эсептешибиз керек.

Балким бардыгы анда эмес. Атамбаев өзүн «өтө ак көңүл жана ишенчээк» сапатка ээмин деп эсептейт. Ошондон улам боштук, жек көрүүчүлүк, ар кимге асылуу, камоо көнүмүш нерсе болуп калган. АША Москвага барып, жогорку профессионалдуу врачтардын көзөмөлүндө дарыланып, ден-соолугун чыңдап албаса, анан кайрадан сот процесстерине активдүү катышпаса радикулит жаман. Арийне, төлгө боюнча Атамбаев өз радикулиттен өлбөйт! Балким ал матч-реванш алып, Сапар Исаковдун бучкагын кармап, кайрадан мамлекетти чимиргиси келип жаткандыр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости