www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Москвадагы 9-май Жеңиш парадына орус жетекчилиги Эмомали Рахмонду чакырып, Садыр Жапаровду чакырган жок» деп эки күндөн бери жумурткадан кыр издегендердин отуна май тамгандай эле болду.

В.Путин параддын юбилей жылдарында эле КМШ мамлекеттерин чакырат. Былтыр Сооронбай Жээнбеков барып, багы жокко, дагы жок болуп, жардамчысынан COVID чыгып калып, ошол замат падышага жолотулбай, парадга да катышпай калганы эсибизде.

Бирок юбилей эмес жылдары Путин кезеги менен бирден конок чакырып ардактайт. Мурдагы жылы ал кездеги Молдова президенти Додонду чакырган. Эми быйыл азыркы ОДКБ төрагасы Тажикстан президентине келиптир.

Анын Москвага ай мурун эле белгилүү болгон. 25-бери Рахмон бир канча жардамчы, жансакчылары менен кошо карантинде жатты. Ал убакта Москвада ким билиптир Кыргызстан менен тиреше кетерин.

Ошондуктан, «Орусия тажиктерди колдойт экен, Садырды чанды» деген туура эмес маалымат. Пандемия убагында кааласа дагы Кыргызстандын президентин кошумча чакыра алышпайт, анткени, ал карантинден өткөн эмес Эмомали Рахмон учурда КМШ президенттеринин арасынан эң улуусу жана аксакалы ошол. Аны менен кечээ гана шайланган Садыр Жапаровду салыштырууга болбойт.

Бирок, бул факт эч кандай Орусиянын Тажикстанга тартканы, же Путин мырза Жапаровду жаман көрөт» дегенди билдирбейт. Угушубузча, Орсиядан ага май айынын экинчи жарымына чакыруу келди. Эмне болсо дагы өз тагдырыбыз жеке керт башыбызда экенин унутпайлы. Биздин мамлекеттин келечегин жана чек араларды расмий бийлигибизден башка эч ким чече албайт!

Булак: Азия News гезити

Последние новости