www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын кол салуусунан кийин алгылыктуу иш жүрбөй, убакыттан уттуруп жатабыз. Мындай пикирди акыйкатчы, экс-вице-премьер-министр, Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Токон Мамытов билдирди. 

--“Тажикстандын кол салуусунан кийин алгылыктуу иш жүрбөй, убакыттан уттуруп жатабыз. Элчилер, дипломаттар бардык өлкөлөргө агрессия болуп жатканы тууралуу тез арада коңгуроо кагып, маалымат таратышы керек. Ошондо Кыргызстан эл аралык коомчулуктун алдында, эл аралык уюмдардын, соттордун алдында күбөлөлөндүрүү менен актыгыбызды далилдей алабыз. Азыр тышкы саясатка басым жасоо зарыл. Себеби тажик тараптын кол салуусунда мекендештерибизди жоготтук, көпчүлүгү ден-соолугунан ажырады. Канчалаган чыгымга учурадык. Булардын ордун ким толтуруп берет? Ошондуктан биздин азыркы абалды дүйнө коомчулугу билүүсү керек”, - дейт Токон Мамытов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости