www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЧЫНДЫК КИМДИН КОЛУНДА же Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушевге кайрылуу, деген пикирин белгилүү журналист Асейин Саралаев билдирди. 

Мен акыркы күндөрү апамдын ден-соолугуна байланыштуу интернетке аз киргендиктен, өлкөбүздөгү коомдук-саясий абал жана окуялар боюнча ээн-эркин отуруп өз көз карашымды жазууга убакыт чектелүү болуп жатат. Ошондуктан коомду дүрбөтүп турган айрым жаңылыктарга жана каңырыштарга өз учурунда пикиримди билдире албай калдым. Өткөндө Аскар Акаев сары майга оонап чыккан калтар түлкүдөй жылмаңдап жетип келгенде:

Өз элинен коркуп бекем сактанып,

Жылжып келип жылып кетээр аттанып.

Он алты жыл бейиш куруп салгандай,

Күлүп туруп акмын дейби актанып?,- деп

жакшы эле ыр саптарын токуп келе жатып кайра апамдын жанына барып анын баары эстен чыгып кеткен эле. Болбосо Акаев башкарган 15 жылдагы өлкөнүн биттеген тонун ырга айлантып алдына жайып койсомбу дегем... Болгону ал келгенде: аялы он беш кыздан кийин бир эрди жырык, мурду бучук жана көздөрү чалыр эркек бала төрөгөндөй чурулдашып кубанган бир топ трайбалисттердин кылыктарын көрүп алар уялбай эле мен уялган элем... Бирок Акаев келгенден кийин ошол эле трайбалисттер жана Атамбаевчилер баш болгон бир ууч топ Ак үй менен Көк үйгө, ал аз келгенсип Башкы прокуратурага чейин кайрылышып: «Эми Курманбек Бакиев келеби? Эгер экс-Президент Бакиев келсе эмне болот?»,- дешип провокация кылып жатышканын көрүп жийиркенген болчумун. Алар үчүн Акаев келсе апакай, ал эми Бакиев келсе улуттук трагедия беле? Чын-чынына келгенде Акаев он беш жылда жасабаган иштерди Курманбек Бакиев агабыз беш жыл ичинде жасаган эле го? Качан курулай доомат, ушак жана жалган жалаадан арылабыз деп ойлоп койгом... Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, кезинде Убактылуу Өкмөт арыгын казып Атамбаев анын ичине «каралоо» канализациясын өткөргөн сасык системаны талкалайт деп ишенген элем. Ошол Атамбаевдин каардуу «каралоо» канализациясына ак жеринен: Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Карганбек Самаков сыяктуу чыгаан агаларабыз баш болуп дуушар болушпады беле? Ошол кездеги чампаланган саясий иштер боюнча кандайдыр бир жарыя айтуудан мурда, ошол кездеги иштерди кайрадан карап чыгуу, талдап чыгуу, тергеп чыгуу зарыл болуп жаткан... Бирок Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Аскар Акаев келгенден кийин «КУРМАНБЕК БАКИЕВ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕР ЗАМАТ КАРМАЛАТ» деп жарыя кылганы бир топ суроолорду жараткан эле... Башкы прокурордун айтканына ошол учурда кенен отуруп суроо салганга шартым болбогонун башында айтып кеттим. Деги эле ушул маселе боюнча унчукпай койсом дегем. Бирок кечээ фейсбукка кайра кирсем баягы эле трайбалисттер жана атамбаевчилер, убактылуу өкмөтчүлөр дагы деле чуулдашып «Бакиев күнөөлүү, Бакиевдер аткан, Бакиевдер келе алышпайт, Башкы прокурор айтты, башкы прокурор камалат деди» дешип майрам түшүп жаткандарын көрүп ЧЫНДЫК КИМДИН КОЛУНДА деген суроомо жооп издегим келди. Качанга чейин 2010-жылдагы 7- апрель окуясына чекит коюлбай бир тараптуу Бакиевди күнөөлөй беребиз дедим... Ойлоп көрсөм чындык БАШКЫ ПРОКУРОРДУН колунда экен... Ошондуктан мен Башкы прокурор Курманкул байкеге суроолорумду берип чындык издегим келди...

Урматтуу Курманкул Токторалыевич!

Сиз жакында эле «Курманбек Бакиев Кыргызстанга келер замат кармалат» деп жарыя кылгандан бери социалдык тармактарда аталган тема боюнча кызуу талкуулар токтобой келет. Сиз прокуратура тармагында да, сот бийлигинде да көп жыл иштеген тажрыйбалуу юристсиз. Сиз прокуратура тармагындагы катардагы стажёрдон баштап ага тергөөчү, прокурордун ага жардамчысы, бөлүм прокурору болуп иштеп, сот тармагында райондук, ал тургай шаардык деңгээлдеги сот болдуңуз. Ал эми Жогорку Кеңешке депутат болуп келгениңизде Кыргызстандагы «эң мыкты» юристтердин бири катары парламенттик фракцияда ЖКнин конституциялык мыйзам чыгаруу, мамлекеттик түзүлүш, КРнын Жогорку Кеңешинин соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин өкүлү болуп жүрдүңүз.

Азыр болсо сиз Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорусуз. Мына ушул жерден менде түшүнүксүз суроолор жаралды. Эгерде сиздин ордуңузда кимдир бирөө ушундай юридикалык келегей кепти айтса, анда ага үн катпай койсом болот эле. Бирок сиз тажрыйбалуу юрист катары, Курманбек Бакиевди Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жасаган кылмыштар үчүн соттолгонун билип туруп радикалдуу билдирүүдөн карманышыңыз керек эле? Кантип сиздин колуңуз менен кимдир бирөөлөр жалган маалымат таратууну көздөп жатканын баамдаган жоксуз?

Эми сизге чындыкка жетүү үчүн бере турчу суроолорумду берейин:

Сиз Башкы прокурор катары 7-апрелдеги окуялар боюнча «процесстердин» бардыгы мыйзамсыз өткөндүгүнө кандай карайсыз?Ошол күндөрү элге жана басма сөзгө чыккан маалыматтар боюнча карасак, адегенде эле тергөө Атамбаевдин жеке көрсөтмөсү менен жүрүптүр. Айыптоо эч кимге тагылган эмес. Бакиев дагы, Атамбаев тарабынан дайындалган адвокат дагы айыптоо менен тааныштырылган эмес. Ал эми ошол кездеги өлкө башчысы Атамбаев бардык иш-чараларда катуу үн чыгарып, коркутуп үркүтүү менен: Бакиевди соттош үчүн ал канча адамды өлтүрүшү керек?,- деп албууттанып сурап жатты. Бул жерде дагы суроо туулат. Соттун эч кандай чечими чыга электе Президент Атамбаевдин Бакиевди КЫЛМЫШКЕР деп атаганга акысы жана укугу бар беле? Бирок Атамбаев барган жеринин баарында Бакиевди кылмышкер катары атап жүрдү. Бул дагы одоно мыйзам жана укук бузуу болчу.

Анан эле Убактылуу Өкмөт Бакиевге «Эл аралык издөө» жарыялады. Мындай «дөдөйлүктү» дүйнөлүк юриспруденциянын тарыхы көргөн эмес. Эмне үчүн? Анткени, ошол кезде эле Курманбек Бакиевдин каякта экендиги бүт дүйнө жүзүнө белгилүү болчу. Ал киши өзүнүн каякта экенин жашырган эмес жана азыр дагы жашырбайт. Бул жердеги кызык нерсе, эмне үчүн ошол кездери Атамбаевдин жеке көрсөтмөсү менен Минск шаарында 7- апрель боюнча фотоссесия уюштуруп бактылуу болгон элчисинен Бакиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү Токтомдун көчүрмөсүн же сотко чакырууну берип жиберишкен эмес? Издеп убара болушпай эле элчи аркылуу иш алып барса болот эле го?

Башкы прокурор мырза, Курманбек Бакиев бийликти басып алуу үчүн МАССАЛЫК ӨЛТҮРҮҮЛӨРДҮ уюштуруучулардын буйруктарын аткаруучулардын эмес, тергөөнүн бардык суроолоруна адеп башында эле жооп берүүгө даяр болгондугун билесиз.

Башкы прокурор мырза, апрель окуясы боюнча өткөрүлгөн көп сандагы баллистикалык экспертизалар каза тапкандардын бирөө дагы Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлеринин куралдарынан ОККО УЧПАГАНДЫГЫН көрсөткөндүгүн эл жакшы билет. Бакиев элди аттырган эмес! Бул жерден айта кетүүчү нерсе, 7-апрель боюнча «дайындалган» күнөөлүүлөрдүн эч кимиси К.Бакиевдин буйругу менен «Тынч митинг өткөргөн топко ок аткандыгы» боюнча көрсөтмө берген эмес. Ушул сыяктуу «майда-барат» учурларга Башкы прокуратура кайрадан кайрылабы? Себеби, Атамбаев белгилеген «күнөөлүүлөр» жоопкерчилик тартып бүтүштү. Ошону менен алардын көпчүлүгү эмдигиче аларды эмне себептен соттошкондугу жөнүндө түшүнүшө электей. Бул тууралуу алардын басма сөздөгү маектери да күбө болуп тургандай...

Башкы прокурор мырза, 2010-жылдагы кандуу окуялар боюнча жаңы иликтөөлөрдү баштоо кезеги келди деп ойлойсузбу? Иликтөөнүн башталышы менен Атамбаевдин: «Миңдеген адам жабыркаса мейли, бирок биз бийликти өз колубузга алабыз»,- деген билдирүүсүн ишке тиркөө зарыл деп эсептебейсизби? Белгилүү саясатчы Текебаевдин, алар Атамбаевдин жолун тазалаш үчүн Бакиевге жана анын жакындарына атайын жалаа жабышкандыгын мойнуна алган көп сандаган билдирүүлөрү БАКИЕВДИН эң эле абийирсиз саясатчылардын курмандыгына айланганы жөнүндө айтып турган жокпу? Бакиевди ак жеринен каралашканына жаңы иликтөөлөр чекит коё алабы? Ошол эле 2010-жылдын 6-8-апрелинде адамдарды Бишкекте гана эмес, Таласта, Чүй облусунун Чүй жана Кемин райондорунда дагы өлтүрүшкөнү жөнүндө талашсыз далилдер жетишерлик бар экендиги жөнүндөгү коомчулукка айтылган фактыларды дагы алып сала албайбыз. Демек жаңыдан иликтөө жүргүзүү мезгилдин талабы деп ойлойм.

Башкы прокурор мырза, Атамбаев менен Текебаевдин тарапташтарынын тобу тарабынан белгисиз багытка алынып кеткен отунбаева-бекназаров айткан кармалып калган снайперлер кайда экенин сиз билбейсизби? Алар кимдер жана каяка кетишкен? Ал эми митингчилер «Илбирс» АКсынын чатырынан кармап түштү деген эки снайпер каякта? Аларды дагы Атамбаев менен Текебаевдин кишилери өткөрүп алышып баарын «Форумга» алып кетишти деген эле? Неге бүгүнкү күнгө чейин алар жөнүндө маалымат жок? Айтор чиеленишкен окуялар, катылган сырлардын өзөгү Отунбаева баш болгон, Атамбаев төш болгон Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнөн суурулуп чыкчудай...

Урматтуу Курманкул Зулушев мырза!

Сиз жаңы Башкы прокурор катары, жаңы бийликтин өкүлү катары, Кыргызстандагы «эң күчтүү» юрист катары бул иштердин баарын башынан баштап кайрадан иликтеп чыгышыңыз, ошол кездеги «саткын соттордун» чыгарган өкүмдөрүнө каршы турушуңуз жана 7-апрель окуялары боюнча тергөөнү кайрадан баштап, бул трагедиянын чыныгы күнөөлүүлөрүн табышыңыз абзел деп ойлойм. Ал эми өлкөнүн түштүгүндөгү окуяларчы? Ал жакта канчалаган тынч жарандар набыт болушту? Түштүктөгү окуялар дагы иликтенбей калабы? Чынын айтсак ошол 2010-жылдын 10-14-июнь күндөрү орун алган каргашалуу Түштүк окуялары иликтенген жок десек болот. Бүгүнкү күнгө чейин ошол кандуу окуяларга жол берген «убактылууларга» саясий баа бериле элек.

Бул жерде «Саткын соттор» жөнүндө сөз козголгондон кийин атактуу Дамир Оңолбековду мисал кылып кетким келди. Соттун имаратынын ичинде, каалгага жана кабинетинин босогосуна заара ушаткан ичкич соттун мамлекеттин атынан чыгарган чечимдери кыргыз элинин далысынан бычак сайган менен барабар деп билем. Ошондой эле УӨ мүчөлөрүнүн жана Атамбаевдин берген буйруктарын соттук принцибинен тайып аткарган «чөнтөк соттордун» чечимдерин кантип мыйзамдуу чечим деп эсептөөгө болот?

Башкы прокурор мырза, сиз кесипкөй юрист катары, эгер 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуялар боюнча кылмыш иштери кайрадан иликтенип чыга турган болсо, КРнын Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодекстерин миңдеген одоно бузуулар болгонун тапса боло турганын жакшы билесиз. Бир гана айта турчу нерсе, апрель окуясы боюнча чыныгы күнөөлүүлөр иликтөө башталганга чейин эле «табылганын» жана жөнөкөй көз караш менен караганда эле көрүүгө болоруна макулсузбу?

Урматтуу Курманкул байке!

Жаңы иликтөө баштоо үчүн чынчылдык, бейтараптык жана өз элин сүйүү керек экендигин түшүнөм. Бирок бул жерден элин сүйөм деген Текебаевдин каяктагы бир Сабитова менен болгон сүйлөшүүсүндөгү «Кыргыздар түркөй, билимсиз топ» деп айткан үн жазууларын эске салуунун кажети жоктой. Анткени мен сизге терең ишенем! Сизде чынчылдык дагы, бейтараптык дагы, мекенди сүйгөн сезимдер дагы күчтүү!

Сизди ак ниеттүүлүгүңүздү жана абийирдүүлүгүңүздү көргөзөт деп ишенем. Ошондо ЧЫНДЫК ЖЕҢЕТ! А ЧЫНДЫК БОЛСО СИЗДИН КОЛУҢУЗДА!

Терең урматтоом менен, Асейин Саралаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости