www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Аскер-аба күчтөрү Кабулдагы аэропорттон америкалык учак асманга көтөрүлгөн кезинде адамдар набыт болду деген маалымат боюнча тергөө жүргүзөт. Мындай билдирүүнү америкалык Аскер-аба күчтөрү жарыялаганын РИА Новости жазды.

Тергөө ишин баштоого учактын шассиси кирген жерден адамдын дене бөлүктөрүнүн табылышы себеп болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Кабулдагы аэропортто чогулган эл жүрүп бараткан учактын артынан чуркап, кээ бири жармашып алган видео бүт дүйнөгө тараган. Айрым кадрлардан абага көтөрүлгөн учактан адамдардын кулаганын көрүүгө болот.

"Аскер-аба күчтөрүнүн атайын тергөө башкармалыгы 15-августта Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропорттон учкан С-17 учагы боюнча жеткиликтүү бардык маалыматтарды карап жатат", — деп айтылат маалыматта.

Интернеттеги видеороликтер менен ЖМКларга чыккан маалыматтардан сырткары, Катарга конгон аскер учагынын шассиси кирген жерден адамдын денесинин бөлүктөрү табылганын дагы тергөөчүлөр изилдемей болду.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын божомолуна караганда, набыт болгон киши талибдер бийликке келгенден кийин өлкөдөн чыгып кетүү үмүтү менен өзүн шассиге байлап алган.

Эске салсак, 16-август  күнү Кабулдун аэропортунда башаламандык жаралды. Көптөгөн афгандыктар өлкөдөн кетүү максатында аэропортко келип имараттар менен учактарга чабуул коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости