www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыргалбек Касаболотов: “Расмий Бишкек эч кимди укпашы керек”

“Чоң сумма сунуш кылса дагы расмий Бишкек эч кимди укпашы керек”, - дейт белгилүү журналист, акын Жыргалбек Касаболотов.  

--“Буга чейин БУУ Борбор Азия мамлекеттерин ооган качкындарына чек арасын ачууга үндөдү. Бирок бул жагдайда Кыргызстан өз улуттук кызыкчылыгына жараша чечим кабыл алганы оң. БУУ болмоктон жөө туман болсо да расмий Бишкек эч кимди укпашы керек.

Евробиримдик, АКШ жана башка акчасы көп эл аралык субъектилер чоң сумма сунуш кылып расмий Бишкекти качкындар агымын кабыл алганга көндүрүүгө аракет кылышы мүмкүн.

Ага алданса пайдасынан зыяны көп. Кыргызстан экономикалык кыйынчылыктарына, элдин каршылыгына жана коопсуздукка байланышкан жагдайларга негиздеп бир өңчөй баш тартканы оң”, - дейт журналист.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости