www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 17-апрелдин кечинде КР тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековдун АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча Орунбасары Д.Хейл менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, дүйнөдө коронавирустук инфекциянын жайылып жаткан шарттарында кызматташуу маселелери талкууланды.
Министр Чынгыз Айдарбеков тарабынан АКШдагы Кыргызстандын жарандарынын абалын жеңилдетүү маселелерин, анын ичинде, мектеп окуучулары менен студенттердин денсоолугун коргоо үчүн шарттарды түзүү маселесин, визалардын колдонуу мөөнөтүн кайтарымсыз негизде узартууга америка тарабынын көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо суранычы билдирилди.
COVID-19 вирусунун жайылышына каршы турууда Кыргызстанга USAID линиясы боюнча көрсөтүлгөн жана күтүлгөн жардамдар позитивдүү өңүттө белгиленди.
Эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин жана Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы түз байланыштарды жөнгө салуу зарылчылыгына көңүл бурулду.
Тараптар эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин чечүү үчүн туруктуу жумушчу байланыштарды камсыздоону улантышат.
Булак: NazarNews.kg