www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Совет доорундагы тажик тарабы менен болгон бардык карталар Кыргыз Республикасы үчүн жараксыз, юридикалык күчүнө ээ эмес. Мындай пикирин бүгүн, 6-майда мурдагы Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, Тажик тарап Ворухту кайрадан бириктиргиси келсе, анда Мургабды Кыргыз Республикасына кайтарып берүүсү керек.

«Анда Мургаб кимдики? Учурдагы КР Акыйкатчы белгилегендей, тажик тарап «он сегиз жылдан бери ушул шарттарды - чек ара маселелери боюнча бардык сүйлөшүүлөрдө 1924-1927 жылдардын карталарын карап чыгууну» дайыма айтып келет.

Интернеттеги ачык булактардан алынган карталарды карап көрсөк, көптөгөн кызыктуу фактыларды таба алабыз.

Мисалы, 1924-1927-жылдардагы карталарга таянсак, Кыргыз Республикасында Мургаб аймагын өзүнүн тарыхый мекени менен бириктирүү маселесин көтөрүп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ошону менен бирге, эгерде картаны карасак, Ворух Кыргыз Республикасы менен коридор катары байланышкан.

Тажик тарап Ворухту кайрадан бириктиргиси келсе, анда Мургабды Кыргыз Республикасына кайтарып берүүсүн унутпасын.

Совет доорундагы тажик тарабы менен болгон бардык карталар Кыргыз Республикасы үчүн жараксыз, юридикалык күчүнө ээ эмес.

Таджик тарап карталарды өз кызыкчылыгына эле таянып ары-бери чойгулай берсе болобу?», - деп суроо салган Айдарбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости