www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Мен Садыр Жапаровду активдүү колдоочусу болчумун, дагы деле колдойм”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Ош шаарынын тургуну, Советтер Союзунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Иосиф Аттокуров.
--“Биз Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевди колдойбуз. Мен Жапаров камалып кеткенде дайыма аны колдоп, керек болсо 28 күн камалып чыккам. Алмазбек Атамбаевдин адамдары Садыр Жапаров боюнча эч нерсе айтпагыла дешкен. Биз ага дагы болбой митингдерге чыгып, болушунча анын ак экенин айтып чыкканбыз. Ошондо бизди камап, 20 миң доллар акча беришкен. Биз аны айла жок алганга туура келип, ошол колдоп жүргөн адамдар бөлүп алганбыз. Бирок ошого карабастан азыр дагы колдойбуз. Бирок канчалаган көйгөй менен Садыр Жапаровго кире албай убарабыз. Ага жазган каттарыбыз жетпейт. Себеби, президенттик аппаратта 30 жылдан бери иштеп келген эле кошаматчылар экен. Эми ошолор анын башын айлантып жатышат. Элге жаман көрсөтүп, кадырын түшүрүп жатышат. Азыр президентти жалпы коомчулук колдошубуз керек. Коңшулардын бизге кылган мамилесин көрүп жатабыз. Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жакында Баткен облусундагы тажиктердин кол салуусунда кырдаал жаман учурда Тажикстанга кирип чыкты. Ал азамат, коркпой барыптыр. Негизи ал жакка кирбеши керек эле, себеби, алар алып калса эмне болмок эле? Ошондуктан буларды көрө албай ушактаган адамдарга, саясатчыларга айтаарым, азыр бир муштум болушубуз керек”, - дейт Аттокуров.
Булак: NazarNews.kg