www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Улуттук банк Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү түшүрүлгөн 10 000 сомдук чыгарып жатат деген кеп бар. Албетте, үч миң сомдук пенсия алгандар эч качан бул акчанын көрбөйт деңизчи, бирок капчыктуулар үчүн бул дурус эле болмок. Азыркы өп-чап турмушта айлык жамына турган кичинекей жууркан сыяктуу «өйдө тартсаң ылдый жакка жетпейт, ылдый тартсаң өйдө жакка жетпейт». Айлык алганга чейин кээде бир нече миң карыз алып турууга туура келет. Бул көйгөйдү чечүүнүн бир ыкмасы — насыялык картаны (эл арасында – "кредитка" деп коюшат) колдонуу.
"Кредиткалардын" артыкчылыктары булар. Колго тез арада тиет. Картаны алуу үчүн паспорт жана кирешенин тастыктамасын көрсөтүү талап кылынат. Негизги талаптары жөнүндө банктын расмий сайтынан жана каржылык мекеменин өзүнөн алдын ала билип алган оң. Эгер айлык долбоорунун алкагында банктын кардары болсоңуз, жол-жобосу болушунча жеңил жана ыкчам жүрөт. Каражатты каалаган убакта пайдалана аласыз. Товар же кызмат акысын, ошондой эле салык же айып пул төлөөгө чамаңыз жетпей турганда – "кредитка" абдан ыңгайлуу жардам. Накталай эмес төлөө мүмкүн болгон бардык жерде жана каалаган убакта колдонууга болот. Жеңилдетилген мөөнөт бар. Ар бир – "кредиткага" мөөнөт коюлат, ал убакыт аралыгында пайдаланган каражатты пайыздык үстөксүз банкка кайтара аласыз. Айрым учурларда банк карта ээсине ыңгайлуу убакытты белгилеп бериши мүмкүн. Мындайда төлөмдөрдү көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү да жок эмес.
"Кредиткалардын" кемчиликтери да бар. Жеңилдетилген мөөнөт аяктаган соң каражат кайтарылбаса айып салынат. Эгер кандайдыр бир себептер менен эсепке картадан алынган каражатты кайтара албай калсаңыз, комиссия төлөөгө гана кептебестен, насыялык таржымалыңызга да терс таасир этет. Эгер бир айлык кирешеңиз картаңыздын лимитинен көп деле ашпаса, маянаңызды банкка болгон карызыңызды жабууга которуп коюп, кур жалак каласыз. Кайрадан "кредиткадан" каражат сарптоого туура келет.
"Кредиткалар" негизинен накталай эмес төлөмдөр үчүн каралган. Банкоматтан накталай ала албайсыз, бардык операциялар төлөм тарыхына катталат. Банк мындай картадан накталай алуу мүмкүнчүлүгүн берген учурларда деле комиссия түрүндө кошумча чыгымдары болот. Пайыздык үстөктөрдүн айынан бул карта ээсине деле пайдасыз.
"Кайтарымсыз насыя" деген психологиялык тузакка түшүп калбаш үчүн бардык артыкчылык жана кемчиликтерин, насыялык картаны алуу канчалык туура болорун өз алдынча салмактоого тийишсиз. Себеби карта боюнча да өз убагында төлөө керек.
"Кредитканы" ачууну чечкениңизде каржылык шартыңызды калчаңыз, картаны пайдалануунун канчалык максаттуу экенин аныктаңыз. Насыяны жана анын пайыздарын жабуу үчүн күнүмдүк киреше жана чыгымдарды эске алуу, банк тарабынан белгиленген мөөнөттө төлөө абзел. Өлкөдө иш алпарган банктардын насыялык карталарынын шарттарын карап чыгалы.
"Кыргызкоммерцбанк"
Насыя картасын маяналык долбоордун кызматкерлери да, айлык акы же кирешесин тастыктаган башка кардарлар жана жеке ишкерлер да ала алышат.
Шарттары:
РСК
Жеке жактар да, жеке ишкерлер да насыялык картага ээ боло алышат.
Шарттары:
Жогоруда тизмектелген банктардын айрымдарында насыялык карта менен төлөөдө ар кыл дүкөндөрдө арзандатуулар каралган. Бул карталар туурасында толук маалымат алуу үчүн банктардын өздөрүнө кайрылуу кажет.
"Бакай Банк"
Чени — 0 же жылдык 28 пайыз. Кардардын тандоосуна төмөнкү тартипте сунушталат:
Маяналык долбоордун катышуучулары жана банктын пенсиялык картасынын ээлери, ишкерлер, банктын насыя алуучулары (чакан жана орто бизнес), ошондой эле сырттагы жеке кардарлар насыялык картаны пайдалана алышат. Ошондой эле банк аркылуу маяна алган медициналык кызматкерлер үчүн да аталган каржылык мекеме жеңилдетилген насыялык картаны сунуштайт.
"Демир Банк"
Насыялык карталарды маяналык долбоордун кызматкерлери да, банктын башка кардарлары да ала алышат.
Насыялык лимиттин өлчөмү:
"Оптима Банк"
Насыялык картаны маяналык долбоордун кардарлары, ошондой эле банкта аманат сактаган жарандар гана алышат.
Шарттары:
"Керемет Банк"
Насыялык картага соңку алты ай аралыгындагы туруктуу иши бар, ошондой эле патент же күбөлүк менен иштеген, туруктуу бизнеси бар жеке ишкерлер (насыя картаны алууга тапшырык берилгенге чейин жарым жыл үзгүлтүк иш алпарган).
Шарттары:
Психологдор каржылык мекемесинен карыз алуудан оболу айрым жактарын эске алууга кеңеш берет:
Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg