www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын бийлиги калк арасында нааразылык күчөп жатканынан чочулап, өлкө сыртында жашаган түркмөн активисттерин каралоо өнөктүгүн кайра баштады.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын Лебап облусундагы кабарчысынын айтымында, аймактын бийлиги активисттерди каралоо өнөктүгүнө укук органдарынын кызматкерлерин, бюджетте иштеген жарандарды тартып, атайын жыйындарды өткөрүп жатышат.

"9-ноябрда Фарап райондук Маданият үйүндө жыйын өттү. Ага бюджетте иштеген кызматкерлерди жана башка жарандарды чогултушту. Анда түркмөн бийлигин активдүү сындап келген Мурад Курбановдун, Дурсолтан Таганованын жана дагы алты Лебап облусунан чыккан алты активисттин чоң сүрөттөрүн илип, алардын видеолорун көрбөө керектигин эскертишти", - деди жыйынга катышкан аты-жөнүн билдиргиси келбеген жарандардын бири.

Анын айтымында, жыйынга катышкан укук коргоо, күч түзүм кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулгандарга бул активисттердин видеолоруна, билдирүүлөрүнө "лайк" коюуга тыюу салып, болбосо иштен алынарын эскертишти.

Мурад Курбанов оппозициялык "Түркмөнстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын лидери. Францияда жашаган түркмөн ишкери Курбанов бул кыймылды 2020-жылы жайында түзгөн. Андан бери ага чет өлкөлөрдө жашаган түркмөнстандык мигранттардын көбү мүчө болуп киришкен.

30 жаштагы лебаптык Дурсолтан Таганова да аталган оппозициялык топтун мүчөсү. Ал Түркмөнстандын өкмөтүн ачык сындап чыгып жаткан Түркиядагы эң активдүү түркмөн жарандарынын бири болуп эсептелет.

Таганова алгачкы жолу 2020-жылы июль айында түркмөн өкмөтүнө каршы Стамбулда өткөн нааразылык акциясы маалында кармалган. Бирок укук коргоо уюмдарынын чакырыктарынан кийин түрк бийлиги аны мекенине депортация кылуу оюнан кайтып, депортациялык борбордон бошоткон.

Быйыл 27-сентябрда түрк полициясы Таганованы кайра кармап, Стамбулдагы депортациялык борборго жеткиришкен. Ал 29-сентябрда эркиндикке чыккан.

Түркмөн бийлиги Таганованы каралоо өнөктүгүн былтыр октябрда да жүргүзгөн. Анда Лебап облусунун бийлиги аны өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутууга аракет кылган деп айыптаган.

Жыйынга катышкан лебаптыктардын айтымында, уюштуруучулар жарандарды "Азаттык" радиосун укпоого да чакырышты.

"Радио батыштын, АКШнын Түркмөнстанга каршы колдонуп жаткан куралы болуп эсептелет. Алар биздин эл бир аз ачка болуп жатканын пайдаланып, нанга кезекте турган адамдардын түрдүү сүрөттөрүн таратып жатышат", — деп айткан жыйынга катышкан полиция кызматкери.

Түркмөнстандын Конституциясы сөз эркиндигин жана жарандардын эркиндигин кепилдейт. Бирок эл аралык укук коргоо уюмдары өлкө өкмөтүн адам укуктарын одоно бузууга жана бийликти сындагандарды куугунтуктоого айыптап келишет.

Чет өлкөлөрдө жашап жүргөн Түркмөнстандын жарандары акыркы жылдары өз көз караштарын көбүрөөк билдире башташты. Алар Бердымухамедовдун өкмөтүнө каршы АКШда, бир катар Европа өлкөлөрүндө, Орусияда, Түркияда жана Түндүк Кипрде нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости