www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Чыңгыз-мырза, Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча мыйзамдын аткарылышына карата бир топ дооматтарыңыз бар экен. Атап айтканда, кайсы чечим туура эмес?

- “62 айылга эле пенсияны, жөлөк пулдарды көтөрөбүз” деп жатышат. Бул туура эмес. Анткени, көп айылдарда, мисалы, биздин Лейлек районунда эл пенсия, анан жөлөк пул менен эле жашап калды. Жер иштетейин десе жер жок, мал кармайын десе чөп жок.

Ошондуктан, “бул туура эмес, элди экиге бөлгөн чечим” деп эсептейм. Аны кайра карап чыгып, башка чечим кабыл алыш керек. Баткен облусуна өзгөчө макам берүү тууралуу мыйзам бар, ал күчүнө кирген. Ошону эле иштетиш керек.

- Кызыгып көрдүңүзбү, 62 айыл эмненин негизинде тандалыптыр?

- Министрлер кабинети ошентип иштеп чыккан.

- Чек ара көйгөйү тууралуу эмне айта аласыз?

- Чек араны бекемдө зарыл. Эртең эле жазгы талаа жумуштары башталат. Суу тартыш боло баштайт. Ошон үчүн алдын ала чараларды көрүү зарыл. Былтыркы чек ара чыр-чатагында жабыркаган кээ бир айылдарга дале компенсация төлөнө элек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости