www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенде кыргыз-тажик чек арасында атышуудан улам коопсуз жайга эвакуацияланган тургундар бүгүн үйлөрүнө кайтууда. "Алардын көбү аялдар жана жаш балдар", - деп билдирди тургундардын бири.
Эске салсак, кечээ 27-январь күнү кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Коопсуздук үчүн Баткен районунун Орто-Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Ак-Сай, Таш-Тумшук, Самаркандек айылдарынын тургундары жергиликтүү бийлик тарабынан Баткен шаарына жана Рават айылына көчүрүлүп, Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Максат, Кулунду, Сада айылдарында жашагандар коопсуз жайга чыгарылган. Ал эми Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айылдарынан келген 60 үй-бүлө Баткен шаарынын №3 А. Имаров орто мектебине жайгаштырылган.
Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетиндеги ишенимдүү маалымат булагынан кабарлашты.
Булак: NazarNews.kg