www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековду кепке тартып, айрым жагдайлар боюнча сүйлөштүк.

--Чыныбай мырза, эмне үчүн депутаттар тарабынан спикерге сын көбүрөөк айтылды?

--Менимче, депутаттарга спикердин «Парламент жакпаса кете бергиле» деген сөзү катуу тийди окшойт. Ошон үчүн ага жооп кылып, катуу сындарды айтышты.

--Эмне үчүн  спикердин катачылыгы баса белгилене баштады? Анын ар бир жообу, депутаттардын куйкасын куруштурду?

--Айтышта ар ким акыркы сөздү айткысы келет. Ошон үчүн депутаттар спикердин сөзүнө, спикер депутаттардын сөзүнө жооп кайтарды.

--Сиз да көп жыл спикер болгон адамсыз. Депутаттардын баарына жагыш же маселени талаш тартышы жок чечүү мүмкүнбү?

--Баарына жагыш мүмкүн эмес. Бирок талаш-тартышсыз иш алып баруу мүмкүн экенин өз тажрыйбамдан билем.

--Эмнеге шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга түшүргөн мыйзам каралып жатканына карабай, депутаттар деле ич ара кайым айтышты?

--Андан мурда кирген 5 пайызды сунуш кылган мыйзам долбоорун аттап, шайлоо босогосун 7 пайыз кылалы деген мыйзам палатага кирип кеткени үчүн чатак чыкты. Ал эми чатак учурунда ар нерсе эскериле берет. Таарынычтар, сындар айтыла берет.

--Тиреш күчөгөн абалдан кантип чыкчу элеңиз? Депутаттардын сизге да доомат койгон учурлары болду беле?

--Албетте, эң жакшы жолу унчукпай кутулуу. Мага өз партиялаштарым көбүрөөк таарынчу.

Булак: NazarNews.org

Последние новости