www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия президенти Владимир Путин мусулмандарды муфтийлердин айтканын угуп, Орозо айтты көп киши болуп чогулбай, үйдөн тосууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-майда президент видеобайланышка чыгып, Дагестандын жетекчилиги жана коомчулугунун өкүлдөрү менен сүйлөшкөн. Путин учурда орозо 23-апрелде башталып 23-майда аяктарын, андан соң айт болоруна токтолгон.
"Республикада бул майрамга ызаат менен карап, салт катуу сакталарын жакшы билем. Дин аалымдары учурда абалдан улам ислам динин кармангандарга топ-топ болуп чогулуудан баш тартып, айтты үйдө тосууну айтып эскертип жатканын да билем. Бул беделдүү адамдардын айткандары аткарылат, аны угасыздар деп ишенем", - деген Путин.
Булак: NazarNews.org