www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-прокурор Сыймык Жапыкеев өзү, атасы, чоң атасы ким болгону тууралуу Фейсбук социалдык тармыгынын “Чыркыраган чындык” баракчасы билдирүү жазып чыкты.

Анын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Ашкана сүйлөйт” деген Ютуб каналы аркылуу акыркы убактарда “жылдызга” айланган Сыймык Жапыкеев жана анын жакын туугандары, үй-бүлөсү тууралуу өтө кызык маалыматтар бар экен. Ырас, бул маалыматтардын баары мурун эле аны жакындан тааныгандарга белгилүү болчу тура. Эми минтип Жапыкеев “ашканадан сүйлөп” калгандан кийин элге кеңири жетпей жүргөн маалыматтар өзүнөн өзү ачыкка чыга баштады.

Жапыкеев Сыймык учурда 43 жашта. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулуп өскөн. Бишкек шаарынын Жал-23 кичирайонунда жашайт. Башкы прокуратуранын мурдагы тергөөчүсү. Шизофрениянын баштапкы формасынан жабыркап келет. Кант диабети менен ооруйт. Күнү кур эмес марихуана ( баңги зат) колдонуп турбаса, колу-башы калчылдап, өтө жаман абалда калат. Анын мындай абалын “Ашкана сүйлөйттөн” деле коомчулук жакшы билип калбадыбы. Сөзүнүн баш-аягын табалбай, өзүнчө эле жинденип кетет.

Чоң атасы Акжолтоев Жапыке Союз маалында Тоң районунун даярдоо конторасынын (заготовительной контора) директору болуп иштеп, мамлекеттик мүлктү жок кылуу боюнча кылмыш ишине тартылган дешет. Өз атасы Аксылбек Акжолтоев учурда 69 жашта, жогорку билимдүү. Бишкек шаарында жашайт.

Атасынын бир тууган иниси Бактыгулга борбор калаабыздагы кымбат ресторандардын бири “Салтанат Пэлес” катталган. Мындан тышкары, “Форте Гранд” аттуу товар жеткирүү жана кызмат көрсөтүү, өндүрүштүк ишканалар бизнес ассоциациясы, “Сыймык” жеке фирмасы юридикалык жактардын бирикмесине ээлик кылат.

Ал убагында Бишкек шаарындагы “Олимп” кафесинин ээси болгон. 2005-жылы 1-апрелде бул кафеге тиешелүү саунада орус улутундагы И. Демидов аттуу жаран киши колдуу болуп өлгөн. Ал кылмышка Акжолтоев Бактыгул да аралашканы белгилүү болгон. Бул боюнча кылмыш иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралган. Ошондо ал соттун чечими менен “кылмыш жазасына тартылууга жарабайт” (“невменяемость”) деген документ менен жоопкерчиликтен кутулуп кеткен. Ал мындай документти өтө шашылыш жасаттырып алган дешет. Ошондо Акжолтоев Бактыгулду кылмыш жоопкерчилигинен куткарып калуу үчүн жалпысынан 100 миң АКШ долларын сарпташканын тана албаса керек. Ал акчаны милиция кызматкерлеринен тарта, сотко, анан дагы ага “жинди” деген справканы жазып бергендерге чейин бөлүштүргөн Сыймык Жапыкеев болгону чынбы?

Ошентип “жинди” Акжолтоев Бактыгул эркиндикте калып, андан кийин деле байбачадай жашоосун улантып келатат. Криминалдык чөйрө менен да тыгыз байланышы бар дешет. Мисалы, Эркин Мамбеталиев менен. Анын кызын турмушка узату тоюн “Салтанат пэлеске” 2019-жылдын күзүндө эч кандай ижара акысы жок эле уюштуртуп бергенин тана алабы?

2018-жылы Б. Акжолтоев УКМКнын Тергөө башкармалыгына “Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү У. Токтосунов («Сакал») коркутуп жатат. Менин машинамдын алдыңкы айнегине “айына воровский общакка отметка кылып турасың” деп жазып кетиптир” деп кайрылган. Кийин кайра арызын кайтарып алган.

Анын кызы Жапыкеева Жанара 32 жашта. Мурдагы прокуратура кызматкери. Учурда жеке ишкер. У. Токтосуновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Аманкожоев Мурат («Муся») менен көңүлдөштүк мамилеси бар экени айтылып жүрөт.

Сыймык Жапыкеевдин атасынын карындашы Акжолтоева Айгүл 52 жашта. Күйөөсү менен ажырашып кеткен. Бишкек шаарында жашайт. Акжолтоев, Жапыкеевдердин бардык жер тилкелери, автоунаа токтотуучу жайлары, ресторандык бизнестери ушул айымга катталган.

Жапыкеевдин дагы бир агасы Акжолтоев Нурбекке “Аэфада-Ай” ЖЧКсы, “Дармек” ЖЧКсы, Н. АКжолтоев ИПсы, “Таблетка плюс” ЖЧКсы катталган.

1995-жылы Феликс Кулов Чүй облусунун губернатору болуп турган кезде француз фирмасына тиешелүү 570 336 литр конфискацияланган спиртти “Адис” АКсына кайрадан иштетүү жана сатуу үчүн, сатуудан түшкөн акча каражатынын 30%ын Чүй облустук ИИБине которуу талабы менен жөнөткөн. Бирок, “Адис” АКсы конфискацияланган спирттин 104 037 литрин албай калган. Көрсө, аны Н. АКжолтоев дагы бир киши менен чогуу кымырып калып. Казакстанга саткан экен. Кийин Жогорку соттун чечими менен ошол конфискацияланган спиртти кайра француз фирмасына кайтарып берүү керек болгон. Натыйжада мамлекет 1,5 миллион доллар зыян тарткан. Анда Кулов соттолуп, Н. Акжолтоев кутулуп кеткен.

2019-жылы Н. Акжолтоевдин “Эляй” фирмасынын дары-дармектерди контрабанда жолу менен алып келип жатканы билинген.

Сыймык Жапыкеевдин 66 жаштагы эжеси Гүлбара дунган улутундагы бизнесмен, “Тянь-Шань Лада” АКнын ээси, коммерсант, “Меркюри” аттуу банкрот болгон банктын ээси Юнус Дунларовдун аялы болгон. Дунларов 1995-жылы киши колдуу болуп каза тапкан.

Жапыкеев, Акжолтоевдердин бардык бизнестери Дунларовдун жардамы менен болгон дешет. Алардын үй-бүлөсүнүн биринчи капиталы спиртти контрабандалык жол менен ташуудан топтолгон.

Мына ушундай таржымалдуу, чуулгандуу үй-бүлөдөн чыккан Сыймык Жапыкеев эми “Ашканада” элдин башын айлантып отурат. Эгер чындап мамлекет үчүн күйсө, анда адегенде өзүнүн үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына таандык болгон, контрабандалык жол менен табылган байлыктарын мамлекетке төгүп коюшу керек”,-деп билдирүү жазып чыкты.

Булак: NazarNews.org

Последние новости