www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум экс-спикер Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова өзүнүн Фейсбук баракчасында атасынын өлүмүн саясий оюндар үчүн колдонбоого чакырды.

"Менин атамдын өлүмүн саясий оюндар үчүн колдонбоңуздар. Адамгерчиликтүү болгула, анын атын тынч коюңуздар. Сеид Атамбаевдин жазгандарынын баары-калп!", - деп  жазган ал.

Дочь Чыныбая Турсунбекова: Все, что пишет Сеид Атамбаев, - ложь!

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев өзүнүн Фейсбук баракчасына экс-спикер каза болгондон кийин “Былтыркы жылдын кыш айларында Чыныбай Турсунбеков өз демилгеси менен Социалисттик Интернационалдын төрагасы Луис Айала менен жашыруун жолугушуп, ага КСДПнын мүчөлөрүнө каршы куугунттуктоолордун толкуну жөнүндө айтып берген. Жакында ал "Социал-демократтар" партиясынын катарына кире тургандыгын жарыялоого даярданып жаткан", - деген билдирүү жазып чыккан. 

Ошондой эле Сеид Атамбаев кошумчалагандай "бийликтин кысымына кабылганына карабай, Чыныбай Турсунбеков алардын тарапташы болуп келген". Болжол менен Айдай Турсунбекова анын дал ушул сөздөрү жалган экендигин айтты.

Дочь Чыныбая Турсунбекова: Все, что пишет Сеид Атамбаев, - ложь!

Эске сала кетсек, 6-июль күнү депутат Чыныбай Турсунбеков эки тараптуу пневмониядан улам көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости