www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана парламенттин депутаты, 6-июль күнү пневмониядын каза болгон маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен атасынын мамилеси тууралуу сөз кылды.

“Кечээ атама үчүлүк өткөрдүк. Мындан ары мен атамды такыр көрбөй турганымды, кучактап, өбө албасымды түшүнүү мен үчүн өтө оор…

Атамдын сөөгү жерге берилип жаткан күнү мындай пост жарыялаганымды башка бирөөлөр сындаган чыгар. Бирок мага сиздин (ред.: Сеид Атамбаевдин) билдирүүңүздү көрсөтүшкөндө жоготуунун азабы менин акылымды тумандатты”, – деп жазды Айдай.

Ал Сеид Атамбаевге кайрылып, анын "Чыныбай Турсунбеков жашыруун жана өз демилгеси менен Социалисттик интернационалдын башкы катчысы Луис Айала менен жолуккан” деген маалыматын четке какты.

“Ооба, чындыгында Социалисттик интернационалдын башкы катчысы Луис Айала мырза менен жолугушуу 2020-жылдын 18-январында, ишемби күнү болуп өткөн. Жолугушуудан бир күн мурда Айала мырза КСДПнын депутаттары жана саясий туткундардын аялдары менен жолугушкан. Менин атам бул жолугушууларга катышкан эмес. Бирок бир нече депутаттын өтүнүчү менен эртеси күнү Айала мырза менен жолугушууга макул болгон. Жеке өзүм бул жолугушууга атамдын котормочусу катары катышканмын. Ошондуктан, бизди - анын үй-бүлөсүн атамдын иштери жөнүндө кабары жок деп ойлобоңуз. Жолугушууда Айала мырза атам жөнүндө уккандыгын жана аны менен жекече жолугуп, таанышууну каалагандыгын айткан”, – деди Айдай.

Ал Сеид Атамбаевдин "жакында Чыныбай Турсунбеков "Социал-демократтар" партиясынын катарына кире тургандыгын жарыялоого даярданып жаткан" деген билдирүүсүнө: "Азыркы КСДПнын лидери Сагынбек Абдрахманов атама “жаңы” КСДПны жетектөөнү сунуш кылган. Бирок атам сот аркылуу жеңишке жеткен партияны эч качан жетектебей турганын айтып баш тарткан", - деп маалымдады.

Ал эми Алмазбек Атамбаев менен атасынын мамилеси жөнүндө: “Менин атам Алмазбек Шаршеновичке ишенгендиктен, КСДПга кошулуп, өлкөнү жакшы жакка өзгөртүү үчүн бардык күч-аракетин жумшады. Бирок 2014-жылдын аягында атам менен Алмазбек Шаршеновичтин ортосундагы мамиле Икрам Илмияновдун айынан бузулган. Атам Илмияновдун буйруктарын этибарга албагандыктан, Алмазбек Шаршенович аларга “экөөңөр тил табышасыңар же отставкага кетесиңер” деп айткан. Бирок Атамбаев Икрам Илмияновду кызматтан кетирген жок, ошондон тарта атам экөөнүн мамилеси начарлап кеткен.

Андан кийин белгилүү окуялар болуп өттү: Ө.Текебаев камакка алынды. Менин атам фракция лидерлерин чогултуп, абакта жаткан Өмүрбек Текебаевге барышкан. Көп өтпөй ошол кездеги Президенттин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп турган Сапар Исаков атамдан Ө.Текебаевдин ЖКда иштеген балдызын жана анын жардамчысын Текебаевди колдоп комментарий жазышканы үчүн кызматтан кетирүүнү сураган. Атам алар комментарийди иш убактысында жазышкан эместигин, мыйзам боюнча аларды кызматтан ала албай турганын айтып, бул өтүнүчтү аткаруудан баш тарткан. Ушул окуялар Алмазбек Шаршеновичтин атамды "Чыныбай Чиркешевич" деп атоосуна себеп болгон.

Бирок атам ага саясаттын эшигин ачкан адам катары Алмазбек Шаршеновичти сыйлаган,” – деп кошумчалады Айдай.

Ал Сеид Атамбаевге кайрылып, атасынын атын саясий максатта колдонбоону кайрадан суранды.

"Бир күнү кечинде атам ЖКнын төрагасы болуп турган кезде үй-бүлөлүк майрамды өткөрүп жатканда, Алмазбек Шаршенович атама телефон чалып, атамдан Нарын облусуна боло турган иш сапарын токтотууну талап кылган. Анткени ал өзү менен чогуу оппозициялык депутаттарды чогулткан деп ойлогон. 

Атам: "Алмазбек Шаршенович, мен КСДПнын мүчөсү болуп келгенмин жана болуп кала берем. Мен Нарынга барам, себеби ал жакта мени эл күтүп жатат",- деп жооп берген.

Эртеси күнү өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү атама телефон чалып, ага ӨЗҮ телефон чалып, Турсунбековду тосуп албагыла деп буйрук бергенин айткан. Бирок атам барды. Сапарга аны коштоп барышы керек болгон бир нече депутаттардын күтүлбөгөн жерден шашылыш иштери чыгып калгандыгына байланыштуу атам менимче, эки гана депутат менен жол тарткан.

Бирок Нарында Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү да, шаар мэри да аларды тосуп алган эмес. Ошентсе да атам пландаштыргандай, аны күтүп жаткан жергиликтүү тургундар менен жолугуп, Бишкекке кайтып келген.

Кайткандан кийин атам үй-бүлөлүк кеңешти чакырып, "ишеним болбогон жерде ийгилик болбойт" деп, отставкага кетүүнү чечкенин айтты.

Сеид, биз өзүбүз күбө болбогон окуялар жөнүндө жазып жатабыз. Атаңыздын ишин улантууну көздөп жатканыңызды түшүнүп турам. Бирок менин атамдын көзү өтүп кетти. Ал чыккынчылык, интрига жок жакка кетти. Андыктан жаткан жери жайлуу болсун. Өтүнүч, менин атамдын атын саясий максатта колдонбоңуз. Атамдын досторуна жана тарапташтарына керектүү учурда айткан жылуу сөздөрү үчүн рахмат”, – деди Айдай Турсунбекова.

Ал эми сиңдисине козголгон кылмыш иши боюнча: “Ооба, журналист Улан Эгизбаев биздин үй-бүлөгө таандык пансионатта каза болгонуна байланыштуу сиңдиме карата Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгону ырас. Ошол учурда пансионаттын коммерциялык директору болгон кичүү сиңдим Чолпон-Атага жана Караколго 2 жыл бою соттук отурумдарга каттады. Ортодо ал балалуу болуп, кичинекей наристеси менен да сотко барып жүрдү. Сиз биздин сот системанын бардык  жактарын өзүңүз билесиз. Бирок Сеид, дал ушул сот систамасын бир убактарда сиздин атаңыз - Алмазбек Шаршенович Атамбаев түзгөн!”- деп Айдай Турсунбекова агынан жарылган.

Эске сала кетсек, Сеид Атамбаев экс-спикер каза болгондон кийин: “Былтыркы жылдын кыш айларында Чыныбай Турсунбеков өз демилгеси менен Социалисттик Интернационалдын төрагасы Луис Айала менен жашыруун жолугушуп, ага КСДПнын мүчөлөрүнө каршы куугунттуктоолордун толкуну жөнүндө айтып берген. Жакында ал "Социал-демократтар" партиясынын катарына кире тургандыгын жарыялоого даярданып жаткан", - деген билдирүү жазып чыккан. 

Ошондой эле Сеид Атамбаев кошумчалагандай "бийликтин кысымына кабылганына карабай, Чыныбай Турсунбеков алардын тарапташы болуп келген".

Буга жооп катары Айдай: "Менин атамдын өлүмүн саясий оюндар үчүн колдонбоңуздар. Адамгерчиликтүү болгула, анын атын тынч коюңуздар. Сеид Атамбаевдин жазгандарынын баары-калп!", - деп  билдирген.

Сеид Атамбаев Вчера мы провели 3-х дневные поминки по моему папе. Мне очень больно осознавать, что я его больше не...

Опубликовано Айдай Тсч Четверг, 9 июля 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости