www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдырар күнү жаздырар-деген накыл кептин мааниси тереңде жатат. Анын сыңарындай Чыныбай Турсунбековду да былтыр күүлөнткөндөр болгону жалган эместир? Ошолордун сүрөөсү менен кыйла оолугуп алган Чыкеңин хан болом деген дымагынан натыйжа болбой, тескери учкан жагалмайга айланып кетти. Аттиң, бекер кыялга алдырыпмын дегенин ал анча жашыра албады. Алаканга салгандай баары көрүнүп турду.
А чынында ушул киши деле ыңгайлуу талапкер болмок экенин эми шыбырап жүрүшөт, айрым атка минерлер. Тилекке каршы поезд чегине барып токтогону качан. Ошентсе да партиянын төрагасынан чакыруу жолдонсо башкаларчылап шылтоо издебей Чыныбай түз эле жыйынга барып катышып келгени акыйкаттыгы эмеспи? Ал тургай баалуу сунуш, кеңештерин айтып, өзүнүн пикирин ортого салганы жакшы жышаан. Андан комментарий алышкан учурда да кайсалактабай акыркы мезгилде маңыздуу жоопторун берип жатканы алгылыктуу. Эми өз жон териси аркылуу өткөргөн элестүү окуяларын мемуар кылып чыгарууну да ниет кылып жүрөт. Балким ошондо көкүрөгүндөгү бышып, көлкүгөн сырларын толук билүүгө чыйыр салынаар. Эмнеси болсо да Турсунбеков мындан ары карай жаңылыштык кетирбөөгө бүткүл дараметин чегерет шекилди.
Булак: "Ачык сөз"