www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоонун жыйынтыгын шылтоо кылып, баш-аламандык уюштуруп чыккан лидерлердин бири Курсан Асанов болчу. Ал, жаштарды өзүнүн мурдагы “соратниктерине” каршы тукуруп, милицияны таш бараӊга алдырды. Андан соӊ күч менен барып, ИИМди басып алды. Муну саткынчылык деп атайт. Өзүнүн мурдагы кесиптештерине каршы чыгып, өз үйүнө кол салды деп атайт.

Убактылуу ИИМди жетектеп 3 күн креслосун кайтарып отурду. Ал убакта шаар баш-аламан түшүп, мародерчулук жайылып, каалагандай талкалашты. Курсан Асанов өздүк курамды топтоп, тынчтандырууга барбай кызмат бөлүштүрүп, анча-мынчасынан пара алганга жетишиптир. Бүгүн, ИИМден көчүккө тебилгенден кийин, көчөгө чыгып алып, “мен сабалган балдардан кабар алып жүрдүм, ошого бошобой жаттым”-деп актанды. Кабар алып, эмне “жамбашына” укол сайып жүрүптүрбү?!

Генерал деген жогорку наамга жеткенде, мынтип өздүк курамдан куулуп, кадыры төгүлүп, иттин арткы шыйрагындай болуп көчөдө калганы чыныгы генерал үчүн өлүмгө барабар.  

2010-жылы деле Ошто кан төгүлүп, улут аралык жаӊжал болуп жатканда бул бай өзбектерди БТР менен ташып акча жасап, ээн калган үйлөрдү тоноп байлык топтогонун жергиликтүү жаштар али күнгө чейин айтып жүрүшөт.

Кой-Таш окуясында дагы саботаж кылып, милициянын ишениминен кеткен. Бул эми эч ким эмес, тарыхта крыса деген ат менен калат. Убагында “Азия Ньюс” гезитинин редактору Аслан Сартбаев бекеринен муну крыса деп айткан эмес экен!  Аслан Сартбаев таппасаң коё кал!               

Булак: NazarNews.kg

Последние новости