www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Булуттан чыккан күнгө окшоп, Бакиевдик бийликтин ордуна жаңы бийлик келип, жаңы парламенттик шайлоо өткөн соң Чыныбай Акуновичтин бейнеси жарк дей түштү. Кыргызстанды мындай койолу, Теңир –Тоодо Аскар Салымбеков, Акылбек Жапаров, Карганбек Самаков, Шаки, Абтандил Кулбараков, Камчыбек Жолдошбаев сыяктуу Турсунбековдон салмагы күчтүү саясатчылар бар. Арийне, тандоо Чыныбай Турсунбековго түштү. Ал «СДПК - биздин доорубуздун акылы, абийири жана ар-намысы» деген принципти туу тутуп, СДПКга чыныгы лидер болуп, принципиалдуу иштеди. Жаңылган жок, мүдүрүлгөн жок, ошондуктан 2016-жылы Сооронбай Жээнбеков өкмөт башына келгенде, анын бир тууганы Асылбек Жээнбеков спикердиктен баш тартып, анын ордуна Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев «төбөлөшүп» жатканда мыйыгынан жылмайып турду. Экөө тең добуш ала алышпай калганда чыга калып спикер болду.

Спикер катары да салмактуу иштеди, 2017-жылы президенттикке талапкерлер көрсөтө баштаганда Чыныбай Акунович да СДПКдан талапкердигин койо турган болду. Анын бул оюу СДПК ичин буркан-шаркан кылып чаңдатып жиберди. Эгер СДПКдан эки лөк талапкердигин койсо, РАЖдын лидери Бабанов экөөнү тең капталга сүзүп, президенттикти алып кетмек. 2017-жылы июлда СДПК курултай өткөзүп бир гана талапкер менен шайлоого барууну чечишти, тандоо Жээнбековго түштү. Күзүндө «балашкалардан» бирөөнү спикерге түртүшүп, Турсунбековду кодулашты, мунун бары ичтеги таарынычты пайда кылат.

Азыркы учурда Атамбаевдин башында кара туман айланып турат. Кечээки достору Атамбаев бийликте турганда таттуусун соргон Иса Өмүркуловго окшогондор жугундусун куя баштады. Албетте, Чыныбай Турсунбеков деле жугундусун төксө ички таарынычтар бар эле, бирок ал эркектик кылды:  «Мен Атамбаев жаман деп айтып чыгууга абийирим жол бербейт. Атамбаев Конституцияга ылайык бийликти өзү убагында тынчтык жолу менен өткөрүп берди. Атамбаевдин жанында жүргөн адам катары анын кемчиликтери көп экенин айта алам, «Мен ушундай жаралып калсам кантейин, ушуңдай жаралганым үчүн Атамбаев болуп келе жатам» — деп өзү да айткан. Биз Атамбаевди 6 жыл президент көтөрүп алып, бүгүн ооруп калды, бейтапканага которуу зарыл деп айтканыбыз туура эмес». Анын да кемчиликтери менен кошо мактоого арзыган жакшы жактары да бар. Ошондуктан аны сындап, жаман дей албайм».

 Чыныбай Турсунбеков катардагы депутат эмес, Атамбаевдин заманында СДПК фракция жетекчиси, спикер болуп жүргөн мамлекеттик ишмер. Бул пикири менен 2020-жылы боло турган шайлоодо бийлик чыга турган партияга чыйт түкүрдү. Бирок, биздин Кыргызстанда бир гана бийликтин партиясы эмес, көп партиялар жарышка аттанышат. 2010-жылы парламенттик шайлоодо Чыныбай Турсунбековго «Ата-Мекен» партиясы да кызыккан. Парламенттик шайлоо алдында  Чыныбай Турсунбековго кызыгуулар көп болот. Алдыны көрө жатарбыз...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости