www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кеша чал” менен кеп курдук! Коомдук ишмер Кемел Ашыралиев «Атамбаев жандалбастап, Ормон опуза жасап жатат» деген темада жергиликтүү  Dе-факто гезитинин журналисти Зулпукаар Сапанов маек курган.

--Кемел ага, бүгүнкү саясий кырдаалга кандай баа бересиз?

--Бүгүнкү саясий абалга чымындай баладан баштап чөгүп калган чалга чейин кулак түрүп, эмне менен жыйынтыкталар экен деп күтүп жатат. Негизи биздики башынан кыйшык кетти да, Союздун убагында өлкөбүздүн өнөр-жайы, айыл-чарбасы, экономикасы, руханий дүйнөсү, деги бардык тарабы укмуштай дүркүрөп өнүп-өскөн эле. Ошондой күчтүү потенциалды Акаев башка чапса да, көткө тепсе да мансап үчүн кыңк дебеген премьерлери, тажрыйбасы жок менчик лаборанттары, жердештери, кайындары менен өрт өчкөндөй кылып талкалады. Ал эмес кадр саясатына аялы, баласы киришти. Анысы аз келгенсип чоң пара менен элдин кызыкчылыгын тебелеп-тепсеп, мыйзамсыз келишим түзүп, «Кумтөрдүн» алтынын шылуундардын колуна карматты. Эл чыдабай: «деги ушул Акаевди жоготолучу, кимиси келсе ошонусу келсинчи» деп кетирип, Бакиевди президент кылды. Ал дагы көп өтпөй: «бир туугандарым акылдуу экен, балам билимдүү экен, буларга бийлик бербесем болбойт» деп Акаевдин изине түшүп, элдин ырыскысын жеп-ичип кирди. Кан-жанын аябай Бакиевди кетирди. Болор-болбос убакытка убактылуу президент дегенди кыпчып, андан соң Атамбаевди алып келдик.

--Атамбаев деле ошол жолго түштү да?

--Атамбаев деле ошол ийири жолго түштү. Ал өлкөнү телибай тентектей эле чалчаңдап башкарды. Каалаган максатына жетти. Атайын Конституцияга өзгөртүү киргизип, укугун чыңдап, кол баласын премьер, айылдаш инисин УКМКнын башчысы, аппаратында иштеп акелеп жүргөн келинди генералдык прокурор, жансакчысын ИИМ министри, ичкен-жегени, арам-адалы аралашып калган жигитти борборго мэр, чай ташыган кызын вице-премьер кылды. Кыскасы, төрт тарабым кыбыла болду, айланам чептей бекиди, эми менин чоорумдун алдында бийлеген, апта сайын отчет берип турган адамды президент кылып шайлап алсам, арам байлыгымды арбытып 6 жыл өткөрсөм, андан кийин С.Исаков президет болот деген ойдо жүргөн. Мен кыргыздын тирүү пайгамбарымын, мага Кудайдын куту түшкөн, оозума келгенди оттойм, оюма келгенин жасайм деген кем кыялга алдырып, кечөөкү бийик статусунан кулап, чимкирик менен түкүрүктүн деңгээлине түшүп кеткен. Атамбаев андай эле акылман болсо, ак иштесе, «Соке сага жалпы эл ишеним көрсөттү, журт атасы кылды, биз экөбүз ким элек, ким болдук, элдин мүлкүнө кол салгандардын колун сындыра чабалык, жегендин тишин чагалык, артык байлык баш жарат, байкайлы, кеткен эки акмактын изине түшпөйлү» деш керек эле. Анын ордуна мен койгондорго унчукпа, мен айткандардан чыкпа, былыгымды ачпа деп сөөмөйүн кезеп, бүткүл эл шайлаган президентти жетелейм дегени өзүнүн саясий деңгээлинин пастыгын көрсөттү. Элдин пикири менен эсептешпеди. Өзүңдү эр көрсөң, башканы шер көр дейт. Жээнбеков дагы тектүү, атактуу атанын, жакшы жердин баласы. Байсалдуу басып өткөн жолу, мол турмуштук тажрыйбасы, иши, жашы төп келген үчүн эл купулуна толуп президент болуп отурат. 

--Мурункулардын баарын келиштире согуп, бүгүнкү президентке кошомат кылып жаткан жоксузбу?

--Сооронбай Жээнбековго кошомат кылайын деген кыпындай дагы оюм жок, мен таза иштеген кишини сыйлайм. Ушул жашка чейин ичип-жеп артымдан жаман сөз ээрчиткен эмесмин, элдин ырыскысына чыпалак малбаган адаммын. Мен ниетимди бузсам, Кыргызстанда биринчи алигарх болмокмун. Эгемендүүлүктүн башында эсеп-чоту жок эле үч жарым млн. кой, бир млн. кара мал, толгон-токой башка байлыктар менин алаканымда турду. Сооронбайды жалпы эл шайлады, азырынча иши түзүк, мүмкүнчүлүк бериш керек, азырынча ана-мына деш эртерээк, калганын убакыт көрсөтөт.

--ЖЭБтеги коррупцияга депутаттардын да катышы бар деген сөздөр айтыла калып жүрөт, буга кошуласызбы?

--ЖЭБти оңдош керек, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу салыныш керек, Датка-Кемин курулуш керек, Музей оңдолуш керек, буга эч ким каршы болбойт. Бийлик ушуларга кредит алалы, салалы деген, депутаттар макул болгон, бул туура чечим. Бирок алар «Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү кредитти жесин» деп макулдук берген эмес да. Кемсинткенин да туура көрбөйм. Парламенте татынакай кыздар, такшалган саясатчы жигиттер бар, анан «6 гана депутаттын мурду бүтүн, калганы маңка, тумшугу кыйшык» деп «экс» обу-жок кемсинтип, жерден алып көргө чаап жатса, Атамбаев менен тизелешип отурган Артыковдон да биздин мурдубуз ийриби деп намыстанып, жамандыр-жакшыдыр алар бийликте турат, өзүлөрүнүн Конституциялык укугунан пайдалынат да. Баса, Артыков боюнча да көп сөздөр бар, биздин белгилүү кызыбыз менен көңүлдөш деген кептер эл арасында бар, бирок мен ага ишенбейм. Кантип эле ошол аялга Артыков татыктуу болсун. Мен жаңылсам анда ачык айтсын.

--Эл адилеттиктин орношуна үмүт артып, бир жуманын ичинде ичип-жегендердин анабашы камалат экен деп күтүп жатат, бийлик элдин үмүтүн үзбөйбү?

--Ушул ишти аягына чыгара турган болсо Жээнбеков да, жалпы парламент да чоң эрдик жасайт. Мунун орду чоң. Коомдо тазалануу башталат. Мамлекет жогор жактан тазаланбаса ылдый жак тазаланбайт. Президент ажыдаардай жейт турбайбы, мен чычкандай эле кемирем деп баарынын алкымы бузулган. Анткени, президенттер кол тийбестигине таянып же качып кетип жазасыз кала берген. Ошондон улам азыр айыл өкмөттөн баштап чоң өкмөткө чейин кимди казса да былгып чыгып жатат. Жээнбеков мен мындай ыпластыкка барбайм, мындан аркылар таза иштешин деген дем менен чоң ишти баштады. Муну мен коомдук тазалануунун башаты деп ойлойм. Ал өзүнө өзү ишенгенден, бирдеме болсо эртең өзүм жооп берем деп, мойнун тосуп берип жатат. Эгер Жээнбеков мурункулардын жолун тандаганда өгүз өлбөсүн араба сынбасын деген принцип менен курч маселелерди көтөрбөй, мен сага сен мага тийбе деп тынч, жай иштей бермек. Чоң ишти баштады. Азамат.

--Кан төгүлүп кетиши мүмкүн деген шылтоо менен Бакиевди кармай албай бир учурда качырган, ошол сценарий кайталанбайбы?

--Андай болсо биздин өлкө ичип-жегендин уюгуна айланат. Калагандай жей бер, кача бер деген принцип орнойт. Элдин үмүтү үзүлөт. Эки президент ичип-жеп качып кетти, чардап жашап жатат. Ал эмес, Акаевдин мезгилинде премьер-министр болгондор байып, коом, эл алдында убагында жооп бербегени үчүн улуулардын улуусу, акылдуулардын акылманы болуп, бизге эл баатырын бергиле деп элдин кыжырына тийип жатат. Песак дегенди ойлоп чыгып заводдорду талкалап, айыл чарбасын бырын-чырын чыгарган. Ошонун айынан азыр өлкөбүз нокдаун жеген боксердей болуп көтөрүлө албай жатат. Ошондон бери биздин бийлик качан оңолот, качан бизде ичип-жегендер кылган кылыгына, эпсиз жоруктарына жооп берет деп эл күтүп жатат.

--Ошондо «подпискасы» жок камалыш керек дейсизби?

--Атамбаевге «подписка» болбойт, дароо отургузуш керек. Болбосо бул ар нерсени дөөрүп келжирей берет. Чоюп жибере турган болсо анда бийликтин алсыздыгы болот. Муну тез арада мыйзамдуу түрдө кармап, жоопко тартыш керек. 3 жашар кызы бар кичинекей аялды жүрөк оорусуна карабай алып келип тыкты. Анан эмне үчүн ден соолугу чын, оозуна келгенди оттоп, кыргыздын сере жеринде илгерки байлардай чардап жаткан немени жөн коюш керекпи? Жеген, ичкени аныкталдыбы, элдин ишенимин аткарган жокпу, бүттү жоопко тартыш керек.

--Атамбаев атышам деп жатпайбы?

--Атамбаев көрүнгөндү чакырып акча берип жандалбастан жатат. Көлдөн эки кызды, Нарындан үч баланы чакырып, 6 бозүйдү тиктирип, муштумдай таштан 5 дөбөнү чогултуп койсом эле коркуп калат деп Ормон опуза жасап жатат. Эң эле акыркы вариянт, Атамбаев өзүн өзү атып салышы мүмкүн. Эгер өзүн өзү атып салса, анда бизди психикалык оорулуу адам башкарганы ачыкка чыгат. Азыр ар кандай шылтоону айтып актанымыш болот, Россияга китеп жөнөтүп байыгам деп. Эмне деген келжиректик. Бир вагон китеп 3 жылкынын баасы, ага ким байыйт. Айтор, бул жооп бере турган күнгө жетти. Коркпой барып кармаш керек, эч нерсе кылалбайт. Колун көтөрүп чыгат. Эгер опративдик кызматкердин бирөөсүн атып көрсүнчү, атамбаев эмненин ичинен чыгар экен. «Живой шит» койом деп жатат, акчага жалдангандарга да жан керек. Анан бийлик коркоктук кылып колдо турган күнөөккөр адамды кармай албасак анда бийлик болбой калбайбы. Жегендин баары мылтыгын кучактап отура берсе, аны жоопко тарта албасак, мамлекет болобу?

--Атамбаев элдин ортосуна жик салганга аракеттенип жатканы байкалат, ал каалагандай коом экиге бөлүнбөйбү?

--Ооба, муну ошондой сасык оюу болушу мүмкүн. Андайды 10 жыл мурун Бакиев да эңсеген, бирок элди бөлө алган эмес. Эч качан көтөрүлбөйт. Атамбаев үчүн эл эч качан түндүк-түштүк болбойт. Бул өзүнүн жаман оюнда жок дегенде Кой-Таш, Арашан көтөрүлөт деши мүмкүн. Ал жерде да 10 кишинин 9 акылдуу, кыскасы жалпы эл бийликте туруп жеп-ичкен, элди соргон аферисттерди жек көрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости