www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Nazarnews маалымат агенттиги бул ирет интернетте чоң талкуу жараткан, ар бир сөзүнө реакция болгон Чыпалак баатыр атка конгон Зарылбек Аликенов менен баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.
-Бир туруп ырдайсың, бир туруп президент болом, мени колдогула дейсиң. Саясатка аралашарыңды же ырчы болоруңду билбей жүрөсүңбү?
-Мен ой чабыты кенен, жан дүйнөм океандай терең адаммын. Ошон үчүн ар тараптуу талантмын. Мени түшүнбөгөндөр мен жөнүндө туура эмес ойлоп алышат. Чынында мен ырчылык билим алгам. Ары жагымдан куудулмун. Мен элге таанылгыча эле сүйлөп койсом эле каткырып калышчу. Атайын куудулданайын деп изденчү деле эмесмин. Элдер сөзүмө каткырып калганда бир аксакал “чымының бар экен, балам” деди. Ошондон кийин куудулдук өнөрүм бар экенин билдим.
Негизи мен фантазёрмун. Көп ойлонуп, элде жок нерселерди жасайм. Мисалы, Ютубдагы пиарды мен баштагам. Эрмек Нурбаев "автокароке деген автордук долбоорум бар, ошого келип берчи" деп эле жүрчү. Тамашоу дагы Ютубга эмес, концертке басым койчу. Ютубдагы пиар жакшы жыйынтык бергендиктен, менден кийин эле Гүлзат Мамытбек “турагой, кыргызым” деп чыкты. Азыр болсо, баары эле Ютубга өтүп кетти. Алардан айырмаланайын деп өзгөчө стиль менен, өзгөчө образ жаратайын деп бакка чыгып ырдап койдум.
-Нурлан Мотуев экөөң бири-бириңерге атаандашсыңарбы? Бири-бириңерди мушташка да чакырып жүрдүңөр эле го?
-Атаандаш деле эмеспиз. Болгону хейтерлер чыгасыңбы дегенинен чыгам деп койгом. Анан бири-бирибизге катуу сөздөрдү айтуу башталды. Бирок экөөбүз акылдашып, экинчи бул темага кайрылбайлы деген чечимге келип, убадага туруп жигитчилик кылалы дедик. Сөзүмө туруп, ал темага кайрылбай эле коёюн.
-Ал да ырдап жүрөт, сен да ырдайсың. Бирге ырдап чыгалы деген максатыңар жокпу?
-Негизи ырдап чыгайын деп мен сунуш кылбайм. Ал айтса, студиянын бардык чыгымдарын төлөсө чогуу ырдап коюшум деле мүмкүн. Мен ырчы эле эмес, куудул, актёрмун дагы. Актёрдук чеберчилигимди да көрсөтөйүн деп бакка чыгып ырдап, өзгөчө образ жаратып коём.
-Киного тартылдыңар беле?
-Ооба. “Министрдин” кызынын махабатында эпизоддордо ойногом. Ошондой эле театрда жүргөндө бир канча образды жараткам. Менин ар тараптуу талантым бар экенин билбегендер мени туура эмес ойлоп алышат.
-Чындап президент болгуң келеби же пиар үчүн эле мени колдогула деген ойлорду жазып коё бересиңби?
-Президент болгум келет. Элдин ырыскысын жеп, мамлекетибизди сызга отургузгандарды жазалап, гүлдөгөнүн коррупциянын тамырын кыйгым келет. Учурда изденип элге жакын Конституция жазайын, мамлекетти өнүктүрөйүн деп программа түзүп жатам. Мага президент болууга эки гана жыл жетет. Эки жылдын ичинде Кыргызстанды бутка тургузам, реформа кылам. Депутат министрлерди кыскартам. Баарынын айлыгын көтөрөм. Бирок коррупцияга аралашкан сотторду да жөн койбойм. Коррупция менен күрөшүү эффективдүү жыйынтык бериш үчүн өлүм жазасын киргизем. Ошондо өлүмдөн корккон коррупционерлер коррупциялык схемаларын өздөрү эле жок кылышат. Кыскасы, мени президент кылсаңар бекер иштеп берем. Ошондой эле эки жылда айткандарымды аткара албасам, өмүр бою камап салгыла дейт элем.
Мына ушундай мамлекетти өнүктүрчү программаларды жазып, элимдин эртеңине кам көрүп азыр статьяларды жазып жатам.
-“Күчмэн” эмнени түшүндүрөт?
-“Күчмэн” деген кара күчкө эле таянбай акыл менен да иш кылыш керек. Акыл менен күчтүн айкашы дегенди түшүндүрөт. Буюрса, жаныма жалаң акылдуу балдарды чогултам. Келечекте Манастын 40 чоросундай болуп, 40 жигиттин акылы, күчү менен иш кылам. Тагыраагы, акылдуу жигиттер жана менин аракетим менен мамлекетти саздан чыгарабыз. Азыр мага 8 бала ишенип, колдоп жатат.
-Баса, шайлоого катышайын деген ниетиң барбы?
-Ниетим бар болгон. Анткени, мени көптөр колдоду. БШКга барып сүйлөштүм. Каттал, шайлоого катыш деди. Коронавирустун айынан шайлоого барбай эле коёлу. Эл кырылып атса, кайдагы шайлоо деп токтоп калдык.
-Күрөөгө коё турган 5 миллион сомуңар даярбы?
-Менде жок. Бирок мага ишеним арткандар демөөрчүлүк кылмак. Ал акча деле табылмак. Бирок коронавирус жайылып, эл жабыркап, өлүм-житим көп болуп жатканы үчүн кайдагы шайлоо деп токтоп калдык. Буюрса, президенттик шайлоого катышам. Менин программамды ишке ашырууга , коррупционерлерден арылууга кызыкдар адамдар көп. Алар менен бирдикте иш кылам.
-Атайын ката жазасыңбы же?
-Мен акыл казынасы кең акылдуу эле адаммын. Өзүмчө стиль, өзгөчө образ жараткым келет. Ошон үчүн өзгөчө жазам. Кудай буюруп, президент болуп калсам, Кыргызстандын жоголуп кеткен жазуусунан бери таап чыгам. Тарыхта кыргыздарга таандык өзгөчө жазуу болгону айтылат го. Ошол жазууну табам.
-Неге өзүңдү Чыпалак баатыр деп атап алгансың?
-Элдер эки колдоп көтөрө албай жаткан нерсени чыпалагым менен көтөрөм. Ошон үчүн чыпалак баатыр болуп калгам. Тагыраагы, бир сапар Шамшы тоосуна барганда фляганы чыпалагым менен көтөрүп тоого чыктым. Ошондо мени көргөндөр оо сен Кожомкул турбайсыңбы дешти. Оор нерселерди чыпалагым менен көтөргөнүм мага чыпалак баатыр деген ат алып келди.
-Үйлөнгөнсүңбү?
-Түшүнүктүү, сулуу кыз издеп жүрөм. Учурунда Айсулуу деген кызды сүйгөм. Экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөнбүз. Эски автовокзал жакта жашачумун. Өчпөс отко барып, сыйынып, үйгө коноктогом. Мени алып кетчи деп сунуш кылганда өзүм артка тартып, алып кеткенге батына албай койгом. Ал мезгилде телефон азыркыдай көп эмес болчу. Жөнөкөй телефон анан өтө эле аз болчу. Өзүнүн телефону жок мага агасынын номерин берди. Башка иштерге алаксып кетип, сагынып кеткенимде чалсам баягы мага берген номер өчүк болуп, Айсулууну жоготуп алдым. Кийин телевидениеден чыгып, Айсулуу мени угуп атсаң байланышчу деп, сагынганымды, издеп атканымды айттым. Тилекке каршы, Айсулуу байланышкан жок.
Бирок Кыргызстандын бардык облусунан кыздар чыкты. Сүйлөшүп көрдүм. Баткенде бир кыз “карыган ата-энем, эки уюм, 20 коюм бар. Баткенге келип жаша. Мен ата-энемди таштап кете албайм” деди. Сүйлөшүп жүрдүк, ойлондум. Ал жакка кетсем, баштаган ишимдин баары ара жолдо калаарын эстеп, анын сунушуна макул болгон жокмун. Кийин Ат-Башыдан да бир кыз чыкты. Анын да шарты ошондой болду. Ат-Башылык группалашымдын шамалга, күнгө күйүп карарып кеткенин эстеп, ал кызга да бара албасымды айттым.
Кыскасы, Кыргызстандын жети дубанынан кыздар чалды. Таластык менен оштук кыздар айтканын бербеген кыздар болуп чыкты. Ошондон бери эле түшүнүктүү, пейили кең, жүрөгү таза кыздарды издеп жүрөм. Кезинде моделдер менен жолуккам. Бирок, мени түшүнгөн, мени баалай алган орус мүнөз кыздар менен таанышсам деген ниетим бар.
Булак: NazarNews.kg