www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мен Нурлан Мотуевди сыйлап эле жүрчүмүн. Бирок мен жөнүндө жаман пикирлерди айтыптыр. Ушул көз айнекчен картаң чал, тажаттың”-деп Чыпалак баатыр Нурлан Мотуевге кайрылды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

Анын тексти грамматикалык жактан оңдолуп берилди:

“Досторум, срочна силерге жаман жаңылык айтып кетейин деп чечтим. Тиги Мотуев байке кайра жанданып, жиниме тийип мага асылып сүйлөп баштаптыр. Өткөндө айттым эле да түшүндүрүп, а бирок анын-картаң баштын мээсине эч нерсе такап кирбей ары жагынан чыгып кетиптир да. Канча айтсам да түшүнбөйт экен.
Убагында Хабиб, андан башка мага асылган “качоктор” менен кармашып, алышкам да. Алар мага чыкпайм деп коюшкан же жеңилип калышкан.
А бул Мотуев байкени деле тааныбасам да, сыйлап жүрчү элем. Эми жүрөккө тийгизип катуу жазыптыр мен жөнүндө жинимди кайнатып демекчимин. Мага чыгам десең көз айнекчен чал жаныма жакын жолоп, кел демекчимин. Анан чычкандын ийининде жашынып көрүнбөй жазып жатасыңар. Кой, андай концертиңерди токтоткула деп катуу эскертип айтып кетем демекчимин, Мотуев-көз айнекчен байке.

Анан дагы да ушу 2 күндөн бери эле Кыргызстанда катуу жаңылык болуп атыптыр, мага жөнөтүп, көрсөтүп жатышат. Ушул патриот Сыймык Жапыкеевди уурулар камайбыз деп аракет кылып баштаптыр. Ошого каршы өйдө туралы демекчимин, элдерим барбыз. Кечээ күнү мени “Чоң казат” деген кыймылга деле патриот толтура жигиттер, достор чакырышып жатышат:  “колдойбуз, байке келесизби” деп, а бирок мен кийин жообун берейин дедим. Бирок ууруларды кустурсаңар силерди мен катуу колдоп кетем дагы да деп айттым".

Чыпалак баатырдын тексти төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

“Досторум сырочна силэргэ жаман жаңлк айтп кэтэйн дэп чэчтим. Морэки Мотуэв байкэ кайра жанданп мага аслп сүйлөп баштаптр жнимэ тийип. Өткөндө айтм елэда тшүндүрүп, а бирок анын картаң баштн меэсинэ еч нэрсэ такап кирбэй ар жагнан чгп кэтиптирда канча айтсамда тшүнбөйт екен.
Убагнда Хабиб андан башка мага аслган качоктор мэнен кармашп алшкамда, алар мага чкпайм дэп коюшкан жэ жэңлип калшкан.
А бул Мотуэв байкэни дэлэ сйлап жүрчүм таныбасамда . Еми жүрөкө тийгизип кату жазптр мэн жөндө жнимди кайнатп дэмэкчмин. Мага чгам дэсэң ачкарик чал жанма жакн жолоп кэл дэмэкчмин. Анан чычкандн ийнидэй жашнп көрүнбөй жазп жатасңар . Кой андай кансэртиңэрди токтоткула дэп кату ескэртип айтп кэтэм дэмэкчмин Мотуэв ачкарик байкэ.

Анан дагыда ушу 2 күндөн бэри елэ Кыргызстанда кату жаңлк болуп атптр, мага жөнөтүп көрсөтүп жатшат. Ушу патриёот Сыймык Жапыкеевди уурулар камайбз дэп аракэт клп баштаптр, ошого каршы ойдо туралы дэмэкчмин элдэрим барбз. Кэчэ кнү мэни чоң казат дэгэн кймылга дэлэ патриёот толтура жигиттэр достор чкршп жатшатда колдойбуз , байкэ кэлэсизби дэп а бирок мэн кийин жобун бэрэйн дэдим. Бирок уруларды кустурсаңар мэн силэрди мэн кату колдоп кэтэм дагыда дэп айттм.1 дн”…", - деп жазган Зарылбек Аликенов (Чыпалак баатыр).

Булак: NazarNews.org

Последние новости