www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Республиканын көп балалуу энелерин „Баатыр эне“ ордени менен сыйлоо жөнүндө» жана «Республиканын көп балалуу энелерин „Эне даңкы“ медалы менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1014 эне «Баатыр эне» ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 519 эне — «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.org

Последние новости