www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-майдагы онлайн-жыйында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

“Жалпы билим берүү уюмдары март айындагы узак мөөнөттөгү каникулга чыккандыгына жана май айындагы майрамдар болгонуна байланыштуу окуучулар окуу программасын толук кандуу өздөштүрүшү үчүн жасалып жатат. Ошондой эле, мугалимдер онлайн режиминде окууларын жыйынтыктоого көбүрөөк убакыт алышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, төртүнчү чейрек мектептерде дистанциялык түрдө өттү. Быйыл 5-8 жана 10-класстардагы класстан калсска өткөрүүчү экзамендери жокко чыгарылды.

9-жана 11-класстардагы мамлекеттик аттестациянын форматы өзгөртүлдү. Атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия окуучулардын жетишкендиктеринин негизинде экзамендик баа коёт", - деди Жусупбекова.

Булак: NazarNews.org

Последние новости