www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1996-жылы С. Р. Табалдыев коргоо жаатындагы ири завод — «Дастан» ТУК ААКны жетектеп, анда татыктуу эс алууга кеткенге чейин иштеген. Ошол мезгилдерде «Дастан» ТУК ААК чыгарган буюмдар биздин республиканы эл аралык аренага тааныткан. Ал СССРдин, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимий чөйрөсүндө чоң кадыр-баркка ээ болгон. Мындай адамдар саналуу гана болот.
С. Р. Табалдыев «легендарлуу парламенттин» белгилүү депутаттарынын бири болгон. Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясын иштеп чыгууга жана көз карандысыз Кыргызстанды куруунун тарыхый чечимдерин кабыл алууга активдүү катышкан.
Табалдыев Султанбек Раимбекович кесипкөй, талапты кое-билген жетекчи, кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлү болгон.
Табалдыев Султанбек Раимбековичтин жаркын элеси мекендештеринин, досторунун жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз.
С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, Д. А. Эсеналиев, К. А. Боронов, Э. Ш. Асрандиев, У. З. Ормонов, С. А. Кылжыев, Э. К. Осмонбетов, А. Ж. Жумагулов, М. Ш. Шеримкулов, У. К. Чыналиев, М. К. Жангарачева, М. Керимкулов, А. Э. Суракматов, ж. б.
Булак: NazarNews.org