www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык абал тууалуу маалымат берди. Мындай маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, облустук штаб жетекчилери аймактардагы абал тууралуу отчет беришкен. Алардын айтымында, бардык медициналык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган жана аларга 2020-жылдын март-апрель айы үчүн айлык акылары жана компенсациялык төлөмдөрү толугу менен төлөнүп берилген. 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, бүгүнкү күндө Нарын шаарында эпидемиологиялык абал татаал бойдон калууда, мында контакттык оорулуулардын саны облуста жашаган калктын санына салыштырмалуу жогору болуп саналат. 

«Бул тартиптин начардыгынан, үй карантин талаптарынын аткарылбай жаткандыгынан кабар берет, натыйжада, күнөөсүз жарандар жабыркоодо. Буга мисал катары COVID-19 дарты катталган Нарын шаардык төрөт үйүн келтирүүгө болот. Катардагы жарандар гана эмес, медициналык кызматкерлер да үй карантиндин талаптарын тыкыр аткаруусу шарт. Тийиштүү талаптарды аткарбаган жарандар жоопко тартылышы керек», - деди ал.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго өз милдеттерин толук кандуу аткарбай жаткан кызматтык адамдар боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.                             

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиевдин айтымында, учурда 28 592 адам – үй карантининде. Бир суткада 8 бузуу аныкталып, алар боюнча тийиштүү чаралар көрүлдү.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов билдиргендей, салык органдары тарабынан 45 миңден ашык маалым кат тастыкталган, ага катар акимиаттар иштеп жатышат, маалым каттар электрондук жана өндүрүштүк ыкма менен берилүүдө, кезектер жок.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов обсервациялык орундарды даярдоо маселесине токтолду. «Алар санитардык талаптарга жооп бериши керек, ар бир бөлмөдө экиден ашык адам болбоого тийиш. Чет жакта жүргөн жарандарыбыз келип жатышат. Алардын арасында каникулга үйүнө кайтып келе жаткан студенттер бар. Биз аларды илдетти жуктуруунун жаңы учураларына жол бербегидей жайгаштыруубуз керек», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде туризм чөйрөсүндө кризиске каршы чаралар планын иштеп чыгуу маселеси милдеттендирилди.

Булак: NazarNews.org

Последние новости