www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс президент Алмазбек Атамбаев «Жогорку Кеңеште жалаң колунан иш келбеген чимкирик депутаттар олтурат» — деп бир топ сын пикирлерин кайра-кайра жаадыра баштаганда Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев спикерге кайрылып: «биздин укугубузду коргоп бергиле. Биз чимкирик эмеспиз, какырык эмеспиз. Бул жерде жалаң кыргыздын элиталары олтурабыз. Саясий элиталар олтурат» - деп агынын жарылган.
Мына ошол күндөн тартып коомчулукта "элиталар" кызуу талкууга алынып, бир дагы жаран атка минерлерди элита деп атоого оозу барбастыгын айтып кыжырданууда. Бирок, Жогорку Кеңеште өзүн элита атагысы келбеген депутат Алтынбек Сулайманов: «Биз элита эмеспиз, элита адамдар - мугалимдер. Алар интелллигент, билимдүү адамдар» - деп өзүнүн уят-сыйыттуу экендигин өз сөзүндө көрсөтө алды. Бул тууралуу "Ачык сөз" гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg