www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия илимдер академиясынын академиги, Бурденко атындагы нейрохирургия борборунун илимий жетекчиси жана ардактуу президенти Александр Коновалов актриса Анастасия Заворотнюктун диагнозун айтты. Анын айтымында актрисанын диагнозун ал жетектеген институтта аныкташкан, бирок актриса Германияда дарыланууну чечкен.
Ошондой эле, ал глиобластома эң коркунучтуу жана айыкпас шишиктердин бири экенин кошумчалады.
Эске салсак, мындан мурун Заворотнюк мээнин рагы менен ооруй турганы тууралуу маалымат тараган эле. Актриса акыркы убакта театрдагы спектаклдерин токтотуп, социалдык тармактардагы баракчаларына сүрөт жүктөбөй калган. Ошондой эле, анын абалы өтө оор болгону үчүн медикаменттик комага түшүрүшкөн.
Булак: "NazarNews.kg"