www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акаевдин заманында Коргоо министринин орун басары, УКМК төрагасынын орун басары катары Үзөңгү-Кууштун сатылышына чоң эмгек сиңирген, Бакиевдин учурунда “Совбездин” катчысы, Чек ара кызматынын төрагасы катары Каркыранын кетишине жүгүнүү менен мамиле кылган, Атамбаевдин заманында Чек ара кызматынын төрагасы, Коргоо иштери боюнча вице-премьер, “Кыргызалтындын” жетекчиси катары көптөгөн былык иштери бар Токон Мамытов бүгүнкү күнү акыйкат жүрөм деп Акыйкатчылык орунду сатып алган. Бул тууралуу өзүнчө узак сөз болор, Жогорку Кеңеш эми да капчыгы кенен Кыргызстандын акыйкатчысынын жана Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун 2018-жылга карата баяндамасын жактырды. Ага 85 депутат «макул» деп добуш берди.
Акыйкатчы Токон Мамытов 2018-жылы Акыйкатчы институтунун борбордук жана аймактык бөлүктөрүнө укугу бузулганын билдирип 11 миң 260 адам кайрылганын, алардын ичинен 3 237 кайрылуу кат жүзүндө келгенин билдирди. Мамытов кайрылуулардын көбү сот бийлигиндеги адилетсиздикке туура келерин, жарандар соттун чечимдерине жана алардын аткарылышына байланыштуу кайрылышарын айтты.
Жогорку Кеңештин жыйынында “Республика – Ата-Журт” фракциясынан депутат Руслан Казакбаев акыйкатчы Токон Мамытовго “Бизнес-омбудсмен деп бул институтту киргизип алдык. Бул өзгөчө институт. Ал Кыргызстанда бекемделбей жатат. Аны менен карым-катнаштарыңар кандай болуп жатат, бизнесмендердин укугун кандай коргоп жатасыңар?” –деп суроо узатты. Көзүнө Бабанов менен Салымбеков сыяктуулар эле бизнесмен катары көрүнөт окшойт го кыязы, Токон Мамытов “Мага ири бизнесмендер кайрыла элек. Мындай, жөнөкөй рядовой бизнесмендер кайрылып жатышат” деп жооп берди. Ал жалпысынан 56 ишкер кайрылганын, бирок баарына жардам бере алышпаганын айтты. Буга Руслан Казакбаев “Эми ири бизнесмендер сизге кайрылбайт да, маселелерин өздөрү эле чечип алышат” деп улап кетти.
Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов улуттук борбордун өкүлдөрү былтыр жабык жана жарым-жартылай жабык жайларга 991 жолу барышканын, борборго 238 арыз түшкөнүн жарыялады. Анын ичинен кыйноо фактылары боюнча 123, катаал мамиле боюнча 52, кармоонун шарттарына байланыштуу 24 жана башка арыздар 39 болгон.
2018-жылга карата статистика боюнча кыйноо тууралуу арыздардын 92 пайызы милицияга, 5,7 пайызы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине тиешелүү. Борбор кыйноо фактылары боюнча прокуратура органдарына 123 арыз жиберип, 82 арыз боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Ошол эле учурда 11 кылмыш иши козголгон.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg