www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-майда Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтүп жатат. Иш-чарада Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Чжан Мин сөз сүйлөп, анда узак убакыттан бери ШКУ жана ЕАЭБ өз ара аракеттерди колдоп, бири-биринин ишмердүүлүгүнө активдүү катышып келерин белгиледи.

Белгилей кетсек, 2021-жылы уюмдар расмий түрдө кызматташтык түзгөн.

"Биз экономика, каржы, логистика, инвестиция жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү аныктаганбыз. Ошонун негизинде уюмдар кызматташтыктын укуктук негиздерин өркүндөтүштү. Биз өз ара натыйжалуу аракеттенүү жана терең кызматташуу аймактык өнүгүүгө алып келет деп ишенебиз. ШКУ 20 жыл аралыгында акырындык менен өнүгүүнүн 4 багытын калыптындырды. Уюм аймактык коопсуздук жана туруктуулук маселесинде чоң роль ойнойт. ШКУ Евразияда ачык кызматташтыкка пайдубал болуп саналат", - деди Чжан Мин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости