www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кар жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Үстүбүздөгү жылдын 27-28-29-май күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлап, шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматта айрым жерлерде жаан-чачын катуу болуп, мөндүр жаашы мүмкүн экени айтылат.

"Абанын температурасы төмөндөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши менен жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости