www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай саясий же башка маселе жок, деди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаров менен кеңейтилген курамдагы жолугушууда.

«Бир гана, өлкөлөрдүн өкмөттөрү конкреттүү келишимдерди аткаруу үчүн олуттуу иштеши керек», - деп кошумчалады ал.

Токаев бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата болуп жатканын белгиледи.

«Биздин тарыхыбыз, тилибиз жана салттарыбыз окшош», - деди ал.

Казакстандын президенти тар курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдирди.

Биз жабык форматта эң орчундуу маселелерди талкууладык, аларды тез арада чечүү жана жөнгө салуу боюнча бир чечимге келдик. Биз келишимдерибиздин аткарылышын тыкыр көзөмөлдөйбүз.

Казакстан масштабдуу трансформацияларды даярдап жатат. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумга даярдык көрүлүүдө. Анын алкагында 33 өзгөртүү киргизүү пландалууда.

Активдүү саясий диалог түзүлдү, министрлер тез-тез жолугушуп, актуалдуу маселелерди чечүүдө», - дейт Токаев.

Мамлекет башчылардын жолугушуусу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Өлкө лидерлери кеңири курамда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго коюунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашууда.

Мындан тышкары, эки тараптуу мүнөздөгү бир катар документтерге кол коюлат.

Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 26-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости