www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапары менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен кеңири чөйрөдө жолугушуу өткөрүүдө.

"Кыргыз-казак кызматташтыгын мындар ары кеңейтүүгө жана күчөтүүгө, бири-бирибизди эл аралык аренада колдоого, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүгө даярбыз. 30 жылдык мезгилде эки тараптуу мамилелердин позитивдүү дараметинин акырындык менен топтолушу учурда кыргыз-казактын достук жана өнөктөштүк мамилелердин негизин түзгөн бир катар маанилүү келишимдер жана макулдашуулар кабыл алынды. Биз мамилелерибизди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгара алдык", - дейт президент.

Ушул тапта мамлекет башчылардын жолугушуусу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Өлкө лидерлери кеңири курамда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго коюунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашууда.

Мындан тышкары, эки тараптуу мүнөздөгү бир катар документтерге кол коюлат.

Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 26-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости