www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Сооронбай Жээнбековго мен Кайрылуу жаздым эле. Менин акыркы үмүт ушул киши. Ата-энем каза болуп калган. Карындашым менен сарайга окшогон батирде турамын. Турак-жай маселесин чечип берүү максатында президентке кайрылуу жаздым эле, - деп билдирди бүгүн, 23-мартта NazarNews.kg маалымат агенттигине I-топтогу майып Максат Айылчиев.
“Карындашым 33 жашта. Ал дагы оорукчан. Азыр биздин жашообузга кайдыгер карабагандар жардам берип турат. Батирге 6 миң сом төлөймүн. Алган пенсиям 3 000 (үч миң)сом турат. Азыркы мен жашаган үй апрель айында үй ээси тарабынан капиталдык ремон болот деп жатышат. Ошондуктан азыркы президент Сооронбай Жээнбековго, Кайрылуу жазып турак-жай маселесин чечип берсе деген чоң үмүттө турамын. Ошол мен жазган Кайрылуу Сооронбай Жээнбековго жетти бекен”, деп сиздердин редакцияга кайрылып олтурамын. Урматтуу Сооронбай Шарипович, мага заңгырган чоң үй эмес, баш калка кылган оорукчан карындашым экөөбүгө турак-жай маселесин чечип берсеңиз. Менин Сизден үмүтүм ошол гана. Алдын-ала ишиңизге ийгилик каалаймын. Кыргыз элинин ишемине кирген акжолтой президент болуңуз”, - деп кошумчалады Максат Айылчиев.
Эске сала кетсек, Максат Айылчиев, 1982-жылы туулган. Биринчи топтогу майып. Учурда Дордойдо жашайт. КР Президенти Сооронбай Жээнбековго 26-январда 2018-жылы турак-жай маселесин чечип берүү боюнча Кайрылуу катын жолдогон. Кайрылуунун каттоо номери №ОП-434.
Булак: NazarNews.kg