www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска байланышкан абалдан улам Москванын мэри Сергей Собянин өнөкөт оорусу бар улгайган москвалыктарды 28-сентябрдан тарта аралыктан иштөөгө же эмгек өргүү алууга чакырды. Бул туурасында билдирүү аталган калаанын сайтында жазылган.

"Өнөкөт оорусу бар 65 жаштан өйдө москвалыктар менен андан бир аз жашыраактар өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпай туруусу керек. Же шаардын сыртындагы бакча жайларынан кетүүсү шарт. Өзүнчө жашаган тууган-тааныштар менен убактылуу көрүшпөй, катташпай турууңарды суранабыз. Эшикке, абага чыгып сейилдөө, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо чектелбейт", - деп айтылган маалыматта.

Ошондой эле Мэр Сергей Собянин Москвада акыркы күндөрү коронавирус чыккан учурлар бир топ көбөйгөндүгүн элдин эсине дагы бир ирет салган.

Андан сырткары, суук жакындап келе жаткандыктан, аны менен кошо мурда болуп жүрчү сасык тумоо көбөйөрүн кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости