www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутатка талапкерлердин башкы максаты эптеп бийликке жетүү, андан соң азыр элге беримиш болгондорун жүз эселеп сыгып алат. Наристе депутаттын  жулунгандарына 1-2 ай толгондо,кээ бирлерине жыл айланбай  А (алтын), В (валюта), Д (доллар), Е  (евро), Р (рубль), С (сом) витаминдерин акырындан бере берсе болот. Алгач С витамининен башташ керек. Андан соң Р, Д, Е витаминдерин акырындап бере берген оң. Качан бул витаминдерге организм көнө баштаганда В 1 (фунт стерлинг), В 2 (юань), В 3(иен) жана башка В витаминдерин бериш керек. Бул витаминдер ымыркай депутаттын организмин чыңдайт. Бирок, күч органдарына салам бербей туруп наристе депутаттын рационуна витаминдерди киргизүү жарабайт.Бөтөнчө А витамини өтө коркунучтуу, коррупция деген илдетке чалдыкпай туруп бул витаминдерди жеген ымыркай депутаттарды ашыкча жегендеринин барын күч органдары кустуруп алышы мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости