www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда коронавирусту жуктуруп алгандар 85 миң кишиге жетип, дүйнө жүзү боюнча биринчи орунга чыкты. Ал эми Кытай экинчи орунда калды.
Тактап айтканда, 25-мартта – 55 330 адамга жукканы айтылган. Ал эми 26-мартта, коронавирус 69 219 адамдан аныкталды. Демек, бир күндө – 13 889 адам жуктурган.
АКШда бул илдеттен өлгөндөрдүн саны 1200 киши.
Американын бир нече штатында жана Нью-Йоркто карантин жарыяланды. Эң көп оору катталган штаттардын ичинен Нью-Йоркто 37 802 адам , Нью-Джерсиде 6876 жана Калифорнияда 3802 адамга жеткен.
Белгилей кетсек, АКШ Сенаты коронавирустан улам жабыркаган ишканаларга, элге, саламаттык сактоо системасына колдоо көрсөтүү үчүн 2,2 триллион доллар бөлүүнү караган мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды.
Эске сала кетсек, АКШда коронавирустан алгачкы учур 15-февралда башталып, 29-февралда оорудан 1 адам каза болгон.
Булак: NazarNews.kg