www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Өлкөдөгү акыркы абал боюнча маалымат

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү коронавирус жуктурган 44 кишинин 6сы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылышкандыгын маалымдаган эле. Бүгүн, 27-мартта Айнура Акматова буга чейин жандандыруу бөлүмүндө жаткан 6 бейтаптын 5сүнүн абалы жакшыргандыктан, алар кадимки палаталарга которулганын билдирди. Алардын арасында 71 жаштагы Сузак районунун тургуну дагы бар экендигин кошумчалап: "Оор абалдагы алты бейтаптын бирөөсүнө дагы өпкөсүнө жасалма дем алдыруу колдонулган жок", - дейт Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү.

Мындан сырткары анын айтымында,  65 жаштан улуу, боюнда бар аялдар жана кичинекей балдары бар медициналык кызматкерлер коронавирусун жуктуруу тобокелчилигин алдын алуу максатында акчасы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө чыгарылды.
Эске сала кетсек, 2020-жылдын 27-марты саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды. Жаңы учурлар Жалал-Абадда 7 жана Ошто 7 киши.
ℹБүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учуру аныкталган. Алардын ичинен:
📍Жалал-Абад облусунда – 27
📍Ош облусунда – 26
📍Бишкек ш. – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган)
📍Баткен облусунда – 1.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости